Распоряжение Кабинета Министров КР от 17 декабря 2021 года № 333-р (Об одобрении проектов международных документов)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 17-декабры № 333-т
1. Расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоорлору жактырылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен KfW Германия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Карызды тейлөөнү токтото туруу жөнүндө макулдашуунун;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Карызды тейлөөнү токтото туруу жөнүндө макулдашуунун;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Германия Федералдык Өкмөтүнүн атынан чыгуучу "Euler Hermes" ортосундагы Карызды тейлөөнү токтото туруу жөнүндө макулдашуунун.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Төрага | А.У. Жапаров |