РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Председателя Кабинета Министров КР от 26 февраля 2022 года № 164 (О внесении изменений в распоряжение Премьер-министра Кыргызской Республики от 19 февраля 2019 года N 82)

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

ТЕСКЕМЕ

(КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 12-декабрындагы N 640 тескемесинин редакциясына ылайык)

 

2022-жылдын 26-февралы № 164

"Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 "Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Ички аудит боюнча кеңеш тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 19-февралындагы № 82 буйругу;

2) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 18-ноябрындагы № 654 буйругу;

3) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 25-февралындагы № 111 буйругу;

4) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 419 буйругу.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

 

 

Тиркеме

Ички аудит боюнча кеңештин КУРАМЫ

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 12-декабрындагы N 640 тескемесинин редакциясына ылайык)

 

Бакетаев Алмаз Кушбекович

-

Кыргыз Республикасынын финансы министри, Кеңештин төрагасы.

Кеңештин мүчөлөрү:

Шаршеев Азамат Нуралиевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президентин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти;

Арзыбаев Мукаш Кадырович

-

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору (макулдашуу боюнча);

Пирназаров Марат Тугольбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы;

Адиева Айнура Абдужалаловна

-

Кыргыз Республикасынын эл аралык университетинин ректору;

Гетман Валерия Валерьевна

-

Бухгалтерлер жана аудиторлор коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Мурсалиева Нурия Ратбековна

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бухгалтердик эсепти, ички аудитти жана ички контролду өнүктүрүү башкармалыгынын ички аудитти жана ички контролду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, Кеңештин жооптуу катчысы.