Распоряжение Кабинета Министров КР от 15 марта 2022 года №115-р «Об одобрении проекта Соглашении об обмене и защите секретной информации в рамках Центральноазиатского регионального информационного координационного центра по борьбе с незаконным оборотом наркотических средств, психотропных веществ и их прекурсоров»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 15-майы № 115-р
1. Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча Борбордук Азиялык региондук маалыматтык координациялык борбордун алкагында жашыруун маалыматтарды алмашуу жана коргоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул Макулдашууну ишке ашыруу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
Төрага |
А.У. Жапаров |