Распоряжение Кабинета Министров КР от 28 февраля 2022 года № 93-р (Об одобрении проекта Меморандума о взаимопонимании и сотрудничестве между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Государства Катар в области спорта)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 28-февралы № 93-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Спорт жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрине жогоруда аталган Меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Спорт жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Катар Мамлекетинин Өкмөтү мындан ары "Тараптар" деп аталып, спорт жаатындагы кызматташуу эки өлкөнүн жана алардын элдеринин ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого өбөлгө түзөт деп ишеним билдирип, ушул жаатта мамилелерди жана кызматташууну өнүктүрүүгө умтулуп жана каалап, төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө жетишилди:
1-берене.
Ушул Меморандум эки өлкөнүн спорттук органдарынын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө жана чыңдоого, ошондой эле өз ара түшүнүү принцибине негизденген спорт жаатындагы кызматташуу программалары үчүн негиздерди түзүүгө багытталган.
2-берене.
Тараптар спорт жаатындагы алардын кызматташуусун төмөнкүлөр аркылуу кубаттайт жана колдойт:
1) спортту коргоо, спорттук иш-чараларды уюштуруу, спортто аялдардын ролун жогорулатуу, спорттук медицина жана допинг менен күрөшүү жаатында тажрыйба жана эксперттер менен алмашуу;
2) спорт жана дене тарбия, бул жаатта колдонмо илимдер маселелери боюнча спорттук делегациялардын, машыктыруучулардын, эксперттердин өз ара сапарлары;
3) Тараптардын мамлекеттери тарабынан уюштурулган мелдештерге жана эл аралык спорттук иш-чараларга катышуу максатында спортчуларды, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын арасынан (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн бардык спорттук дисциплиналарда) өз ара негизде чакыруу;
4) спорт жана дене тарбияга байланыштуу, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан башка тармактардагы маселелер боюнча маалыматтар жана пикирлер менен алмашуу;
5) эки өлкөдө уюштурулган спорттук жолугушууларга, конференцияларга, тренингдерге, семинарларга жана академиялык форумдарга катышуу үчүн эксперттерди өз ара чакыруу;
6) биргелешкен спорттук иш-чараларды уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүү;
7) спорттук федерациялардын жардамы менен Тараптардын улуттук курама командаларын камсыздоо, биргелешкен машыгуу лагерлерин өткөрүү жана эки өлкөнүн аймактарында уюштурулган спорттук иш-чараларга өз ара пайдалуу негизде катышуу;
8) эки Тараптын тиешелүү борборлоруна окуудан өтүү үчүн таланттуу спортчуларды, спорттук делегацияларды жана машыктыруучуларды чакыруу.
3-берене.
Тараптар спорт жаатындагы төмөнкү багыттардын алкагында изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жана иштеп чыгууларда кызматташат:
- спортту илгерилетүү;
- өзгөчө муктаждыктары бар адамдар үчүн спорт;
- спорттогу аялдарды шыктандыруу;
- спорттук медицина;
- анти-допинг;
- спорттук объекттерди башкаруу жана күтүү.
4-берене.
Тараптардын ортосундагы алмашуу программалары төмөнкү жоболордун алкагында ишке ашырылат:
1) ушул Меморандумдун алкагында кызматташуу боюнча бардык иш зарыл болгон каражаттардын болушуна жана ар бир Тараптын мамлекеттеринин мыйзамдарына жараша болот;
2) эксперттердин, спортчулардын жана машыктыруучулардын сапарлар менен алмашуусу мындан ары макулдашылган программага ылайык жүзөгө ашырылат;
3) барган мезгилде кабыл алуучу Тарап жергиликтүү транспорттун, жатакананын, тамактануунун жана кечиктирилгис медициналык жардамдын чыгымдарын жабат;
4) жөнөтүүчү Тарап жөнөтүлгөн делегациянын эл аралык транспорттук чыгымдарын жабат;
5) ушул Меморандумга ылайык жүзөгө ашырылуучу бардык иш-чаралар мындай иш-чараларды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн финансылык ресурстардын жана персоналдык болушуна жараша болот.
5-берене.
Ушул Меморандумду ишке ашыруунун натыйжасында келип чыккан бардык талаш-тартыштар же пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынууга тийиш.
6-берене.
Ушул Меморандум же анын кайсы болбосун тексти Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу менен өзгөртүлүшү мүмкүн. Мындай түзөтүүлөр ушул Меморандумдун 7-беренесине ылайык күчүнө кирет.
7-берене.
Ушул Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылышы жөнүндө Тараптардын акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоосун дипломатиялык каналдар боюнча алган датадан тартып күчүнө кирет жана ушул Меморандумду колдонууну токтотуу ниети тууралуу башка Тараптын жазуу жүзүндөгү кабарлоосун Тараптардын бири алган датадан тартып алты (6) ай өткөндөн кийин колдонулушун токтотот.
Эгерде Тараптар башка макулдашууга келбесе, ушул Меморандумду колдонуунун токтотулушу кайсы болбосун ишке ашырылып же аткарылып жаткан иш-чарага же долбоорго ал аяктаганга чейин таасирин тийгизбейт.
Ушул Меморандумга _______ жылдын "___" _________/_______________ араб, кыргыз, орус жана англис тилдеринде эки түп нускада кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөгө байланыштуу талаш-тартыштар келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн | Катар Мамлекетинин Өкмөтү үчүн |