Загрузка документа…
РАСПОРЯЖЕНИЕ КАБИНЕТА МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
от 14 мая 2022 года № 245-р
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. "2021-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
"2021-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2021-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Меморандумдун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери: Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 176-т тескемеси менен жактырылган.
Аталган Меморандум жергиликтүү органдар, өкмөттөр аралык мекемелер же өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу ишке ашырыла турган өнүктүрүү жаатындагы анча чоң эмес, бирок натыйжалуу демилгелерди каржылоо үчүн тиешелүү механизмди түзүүнү болжолдойт.
Аталган Меморандумга ылайык Индия Өкмөтү социалдык-экономикалык өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 126,29 млн. сомдон ашпаган сумманы гранттык негизде берет. Ар бир долбоор боюнча Кыргыз Республикасындагы Индия Элчилиги менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдарынын ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө өзүнчө меморандум түзүлөт.
Индия Өкмөтүнөн гранттык жардам алууга өтүнмөлөр Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасындагы Индия Элчилиги аркылуу жиберилиши мүмкүн.
Мындан тышкары ушул Меморандумдун III бөлүмүнө ылайык контрактта көрсөтүлгөн жана Өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандумдун алкагында кабыл алынган ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу ташылып келүүчү бардык товарларга, материалдарга, жабдууларга жана транспорт каражаттарына карата бардык алымдарды жана салыктарды Меморандумга ылайык алуучу мекеме төлөйт. Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, келип чыгуучу кошумча чыгымдар Кыргыз Республикасынын тартылган министрликтеринин жана ведомстволорунун тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын алкагында ишке ашырылат.
Бул Меморандумду ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган болуп экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги эсептелет.
Бул Меморандумду ишке ашыруу терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.