Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской республики от 19 октября 2022 года № 562-р (О согласии с проектом Меморандума о сотрудничестве между Верховным судом Кыргызской Республики и Верховным судом Республики Казахстан)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 19-октябры № 562-т
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун ортосундагы Кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун ортосундагы Кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен Казакстан Республикасынын Жогорку соту,
эки өлкөнүн ортосундагы сот чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташуу достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана чындоого өбөлгө болорун эске алуу менен,
сот системасын туруктуу өркүндөтүүгө салым кошууну каалап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Бул Меморандум тажрыйба жана укуктук маалымат алмашуу маселелеринде Тараптардын кызматташуусу үчүн негиз болуп саналат.
2-берене.
Тараптар соттордо маалыматтык технологияларды киргизүү, судьяларды даярдоо, эки тараптуу укуктук жардамды өркүндөтүү жаатында эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого ниеттенүүдө.
3-берене.
Тараптар эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптерин, ченемдерин жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөрдү алмаша алат:
- укуктук жана башка маалыматтарды;
- мыйзамдарды жана эл аралык келишимдерди колдонуу практикасын;
- соттордун ишин жөнгө салуучу укуктук актыларды;
- соттук практиканы жалпылоо жана талдоо боюнча материалдарды, актуалдуу укуктук маселелерди;
- соттордун ишине тиешелүү жана өз ара кызыкчылык туудурган башка документтерди.
Бул Меморандумдун алкагында берилүүчү кандай болбосун маалымат, анын формасына жана мазмунуна карабастан анын максаттары үчүн гана колдонулат.
Кызматташуунун алкагында Тараптардын бири алган маалымат экинчи Тарапка зыян келтирүүгө колдонулбашы керек.
Тараптар бул Меморандумдун алкагында алынган маалыматты экинчи Тараптын алдын ала макулдугусуз үчүнчү тарапка бербөөгө милдеттенет.
4-берене.
Тараптардын ортосунда кызматташуу, тажрыйба жана укуктук маалымат алмашуу максатында Тараптардын өкүлдөрү өз ара макулдашуу боюнча экинчи Тарапка бара алат.
5-берене.
Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына, Тараптар катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык сот чөйрөсүндөгү кызматташтыкты туруктуу негизде чыңдайт.
6-берене.
Тараптар көп тараптуу алкакта эки өлкөнүн сотторунун ортосундагы координацияны жана кызматташтыкты колдойт, соттук талкууларда жана сүйлөшүүлөрдө, жалпы соттук маселелерди изилдөөдө жана чечүүдө байланышты жана координацияны чыңдайт.
7-берене.
Бул Меморандум алкагындагы Тараптардын өкүлдөрүнүн өз ара сапарларына кеткен бардык чыгымдарды ар бир Тарап өз алдынча көтөрөт.
8-берене.
Бул Меморандумду колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу келип чыккан бардык талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу чечилет.
9-берене.
Бул Меморандум Тараптар катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Тараптардын укуктарына жана милдеттерине таасирин тийгизбейт, кандайдыр бир юридикалык жактан милдеттүү укуктарды же милдеттенмелерди түзүүнү максат кылбайт.
10-берене.
Бул Меморандумда көрсөтүлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында Тараптар биргелешкен иш-чаралардын планын кабыл алышы мүмкүн.
11-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Меморандумга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү жана ушул Меморандумдун 12-беренесинде белгиленген тартипке ылайык күчүнө кирүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
12-берене.
Бул Меморандум кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт.
Бул Меморандумдун колдонулушу Тараптардын бири экинчи Тараптан анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоону алгандан тартып алты айдан кийин токтотулат.
"___" _____________ _____________ шаарында эки нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, алар бирдей күчкө ээ.
Чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.
__________________________________ |
| __________________________________ |
Базарбеков Замирбек Курамаевич |
| Асанов Жакып Кажманович |
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы |
| Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы |
Дата: _____-жылдын "__" __________ |
| Дата: _____-жылдын "__" __________ |