РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 19 января 2023 года № 14-р (Об одобрении проекта Протокола о внесении изменений в Соглашение между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Республики Казахстан о пунктах пропуска через государственную границу от 25 декабря 2003 года)

Редакцияот 19.01.2023
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 19-январы № 14-т

"Каркыра-автожол" өткөрүү пунктунун жыл бою жана күнү-түнү иштешин камсыз кылуу жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өтүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен ушул Протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы:

 

 

 А.У.Жапаров

 

 

 

Долбоор

2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 ПРОТОКОЛ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү, мындан ары Тараптар деп аталуу менен 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 5-беренесине ылайык төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:

1-берене.

Макулдашуунун тиркемесинин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

1

Каркыра-автожол

Ысык-Көл облусу, Түп району

Кеген-автожол

Алматы облусу, Раимбек району

көп тараптуу эл аралык

күнү-түнү

".

2-берене.

Ушул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана Тараптар анын күчүнө киришине зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы кабарламаны алган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бул Протокол Макулдашуунун колдонулушу токтотулганга чейин колдонулат.

_______________ шаарында 20___-ж. "___" ___________ эки нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.

Бул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алат.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн

 

Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн