Распоряжение Председателя Кабинета Министров кыргызской Республики от 25 января 2023 года N 38 (Об образовании организационного комитета по подготовке и проведению II инвестиционного форума «Развитие Баткена - развитие страны»)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Төрагасынын ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 25-январы № 38
2023-жылы Баткен шаарында "Баткендин өнүгүүсү - өлкөнүн өнүгүүсү" II инвестициялык форумду даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. "Баткендин өнүгүүсү - өлкөнүн өнүгүүсү" II инвестициялык форумду (мындан ары - форум) даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чаралардын планын жана чыгымдардын сметасын даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке жүктөлсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
| Тиркеме |
"Баткендин өнүгүүсү - өлкөнүн өнүгүүсү" II инвестициялык форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Темиралиев Умбриэль Темиралиеиич | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Жээналиев Жалын Муратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Мадяров Тимур Мысырович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Керимджанов Рахимбек Айбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти; |
Артыкбаев Айбек Мухтарович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Насирдинов Самат Насирдинович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары; |
Касейинов Кубат Усенкулович | - | Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары; |
Шатманов Самат Бектурович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары; |
Татиков Руслан Сатылганович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Абдрахманов Канатбек Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Жакыпов Мирлан Мустафаевич | - | Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары; |
Новиков Артем Эдуардович | - | Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Аалиев Азиз Кубанычбекович | - | Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Калашникова Елена Анатольевна | - | Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун директору (макулдашуу боюнча); |
Абдураимов Жарасул Осмоналиевич | - | "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун директору (макулдашуу боюнча); |
Касымов Роман Пазылович | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын улук вице-президенти (макулдашуу боюнча). |