Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 54-р (Об образовании официальной делегации Кыргызской Республики)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 15-февралы № 54-т
Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбар-Ата ГЭС-2нин үстүнөн суу агызуу курулушу" долбоорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Расмий делегациянын башчысына, ал эми ал жок учурда - расмий делегациянын башчысынын орун басарына Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-июлундагы № 270-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбар-Ата ГЭС-2нин үстүнөн суу агызуу курулушу" долбоорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын КУРАМЫ
Ибраев Таалайбек Өмүкеевич | - | Кыргыз Республикасынын энергетика министри, расмий делегациянын башчысы; |
Султанбеков Сабырбек Укушович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары, расмий делегациянын башчысынын орун басары. |
Расмий делегациянын мүчөлөрү: | ||
Алтынбеков Айбек Алтынбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Сулайманов Кундузбек Кошалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Осмонов Айбек Жапарович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри; |
Аскарова Зарема Аликовна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары; |
Садыков Канатбек Рахманбердиевич | - | Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары; |
Артыкбаев Айбек Мухтарович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Татиков Руслан Сатылганович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Абдрахманов Канат Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Орозалиев Тимур Эрикович | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин директорунун орун басары; |
Байгазиев Таалайбек Аскарович | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик башкармасынын төрагасы; |
Качкынбаев Осмон Кененбаевич | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору. |