РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 7 декабря 2022 года N 662-р (О внесении изменений в распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 12 января 2022 года N 2-р)

Редакцияот 07.12.2022
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

2022-жылдын 7-декабры № 662-т

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 2-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган тескеме менен бекитилген 2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планында:

- "Жооптуу аткаруучулар" графасында:

28, 29-пункттардагы "(МБА)" деген аббревиатура "(БТЖКК)" деген аббревиатурага алмаштырылсын;

84-пункттундагы "ЭМ," деген аббревиатура алып салынсын;

- пайдаланылган кыскартуулардын тизмесиндеги он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"БТЖКК - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы;".

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

             Төрагасы

 

А.У.Жапаров