РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 14 марта 2023 года №105-р (О согласии с проектом Меморандума о взаимопонимании между Счетной палатой Кыргызской Республики и Генеральным аудиторским судом Королевства Саудовская Аравия)

Редакцияот 14.03.2023
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 14-марты № 105-т

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Сауд Аравия Королдугунун Башкы аудиттик сотунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Сауд Аравия Королдугунун Башкы аудиттик сотунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана Сауд Арабия Королдугунун Башкы аудиттик соту, мындан ары Тараптар,

өз ара урматтоо, ишеним, бирдейлик, өнөктөштүк жана кызматташуу принциптеринин негизинде,

Аудиттин жогорку органдарынын Эл аралык уюмунун (ИНТОСАИ) жана Аудиттин жогорку органдарынын азиялык уюмунун (АЗОСАИ) жоболоруна жана ишинин негизин түзүүчү принциптерине ылайык,

ошондой эле өздөрүнүн мамлекеттеринин колдонуудагы мыйзамдарын толук урматтоо менен финансылык аудиттин, шайкештик аудитинин жана натыйжалуулук аудитинин натыйжалуулугун жогорулатууга өз ара умтулууну айкалыштыруу менен, аларда болгон ресурстарга ылайык,

төмөнкүлөр менен бекемделген ушул Меморандумду түздү:

1-берене. Максаты

Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында кызматташуунун максаты болуп ИНТОСАИ, АЗОСАИ жана алар мүчө болуп саналган кандай болбосун башка региондук уюмдардын алкагында финансылык аудит, натыйжалуулук аудити жана шайкештик аудити жаатында Тараптардын ортосундагы кызматташуу жана өз ара натыйжалуу аракеттенүү үчүн негиздерди чыңдоо, илгерилетүү жана өнүктүрүү эсептелет.

2-берене. Кызматташуунун багыттары жана формалары

Тараптар төмөнкүдөй жааттарда кызматташат:

1) жалпы кызыкчылыктар тармактары менен байланышкан изилдөө долбоорлоруна жана иш-чараларга катышуу жана тажрыйба алмашуу. Бул өзүнө финансылык аудит, натыйжалуулук аудити жана шайкештик аудити маселелери боюнча консультацияларды берүүнү, семинарларды өткөрүүнү, кеңешмелерди уюштурууну камтыйт;

2) финансылык аудит, натыйжалуулук аудити жана шайкештик аудити менен байланыштуу темалар боюнча биргелешкен окуу программаларын ишке ашырууну;

3) аудит жана аудит методологиялары боюнча колдонмолорду алмашууну;

4) Тараптар менен макулдашылган ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында кызматташуунун кандай болбосун башка формалары.

3-берене. Финансылык келишүүчүлүк

Ушул Меморандумдун алкагында иш жүргүзүүдө ар бир Тарап өзүндө болгон ресурстарга ылайык өзүнүн иши боюнча чыгымдарды жана чыгашаларды тартат.

4-берене. Байланыш

Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында иш-чараларды ишке ашырууда Тараптардын ортосундагы сүйлөшүү англис тилинде жүргүзүлөт.

5-берене. Купуялуулук

1. Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында маалыматтарды жана материалдарды алмашууда ар бир Тарап маалыматтарды эл аралык алмашуу, мамлекеттик сырды коргоо жана мыйзам менен корголгон жана башка сырлар жөнүндө колдонулган мыйзамдарды жетекчиликке алышат.

2. Ар бир Тарап башка тараптан алынган же берилген алмашылуучу маалыматтарды жана материалдарды өзүнүн максаттары үчүн гана пайдаланат жана алар башка Тараптын макулдугусуз үчүнчү тарапка берилбейт.

6-берене. Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо

Тараптар ушул Меморандумдун жыйынтыгы болгон биргелешкен иш-чаралардын жана долбоорлордун интеллектуалдык менчигин урматтайт.

7-берене. Талаш-тартыштарды чечүү

Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун кайсы болбосун жоболорун чечмелөөгө жана/же аткарууга байланыштуу келип чыккан пикир келишпестиктер же талаш-тартыштар эки Тараптын ортосундагы түздөн-түз консультациялар жана/же сүйлөшүүлөр аркылуу Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча жөнгө салынат.

8-берене. Түзөтүүлөр

Кайсы болбосун Тарап ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга түзөтүүлөрдү жазуу жүзүндө сурай алат. Мындай түзөтүүлөр эки Тараптын ортосунда жазуу жүзүндө макулдашылат жана алардын өздөрүнүн мамлекеттеринде колдонулган ченемдик жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет.

9-берене. Күчүнө кириши, узактыгы жана токтотулушу

1. Ушул Меморандум регламенттик жол-жоболордун аяктагандыгын кепилдеген дипломатиялык каналдар аркылуу акыркы кабарламадан тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Ушул Меморандумдун колдонуу мөөнөтү беш жылды түзөт жана эгерде Тараптардын бири Меморандум аяктаган датага чейин үч айдан кечиктирбестен Меморандумду колдонууну токтотуу жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу башка тарапка кабарлабаса, бир жылга бир нече жолу узартылат.

3. Ушул Меморандумдун колдонулушу токтотулгандан кийин анын эрежелери жана жоболору жөнгө салуунун алкагындагы бардык иштеп жаткан программаларга, долбоорлорго же кайсы болбосун укуктарга карата колдонулат.

 

Бишкек шаарында 2023-жылдын "____" ____________ эки нускада, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде кол коюлду. Бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Меморандумду чечмелөөдө кандайдыр бир кайчы пикирлер болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын атынан

 

Сауд Аравия Королдугунун Башкы аудиттик сотунун атынан