РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 28 июля 2023 года №440-р (О признании утратившим силу распоряжения Кабинета Министров Кыргызской Республики от 3 ноября 2022 года №597-р)

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы N 316-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 28-июлу № 440-т

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-ноябрындагы № 597-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 686-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган тескеме менен бекитилген 2022-2023-жылдарга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планында:

- 31-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 699-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган тескеме менен бекитилген 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планында:

- 209-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте Бишкек-Күнтуу-Белогорка-Суусамыр автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун иштеп чыгууну улантсын.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары

 

Б.Торобаев