ПостановлениеДействует

Постановление Ошского городского кенеша от 28 мая 2014 года №188 «О списке кандидатов, выдвинутых в резерв участковых избирательных комиссий города Ош»

Редакцияот 28.05.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ ХVIII СЕССИЯСЫ

(III ЧАКЫРЫЛЫШ)

2014-жылы 28-майы №188

Ош шаардык участкалык шайлоо

комиссияларынын резервдерине

көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси

жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июнундагы №62-«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын щайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375-токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобонун II бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, Ош шаардык участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине  көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Ош шаардык участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жөнүндөгү маселе Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиянын кароосуна калтырылсын.

2.  Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага  жүктөлсүн.

 

Ош шаардык

Кеңешинин төрагасы:

 

У.Примов