ПостановлениеДействует

Постановление Бишкекского городского кенеша от 25 июня 2014 года № 83 «О внесении изменений в постановление Бишкекского городского кенеша»О социальной поддержке малоимущих и имеющих право на льготы жителей города Бишкек«от 12 июня 2012 года № 316»

Редакцияот 25.06.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 25-июну № 83

Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын

12-июнундагы №316 “Бишкек шаарынын жарды

жана  жеңилдик алууга укугу бар тургундарын

социалдык жактан колдоо жөнүндө” токтомуна

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын (А. Т.Сариев) жана Бишкек шаардык кеңештин “КСДП” фракциясынын (А. М. Кененбаев) сунуштарын карап чыгып, Бишкек шаарынын калкынын социалдык корголбогон катмарын колдоо максатында, жеңилдиктерди алууга укугу бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турак-жай субсидиялар менен көп камтуу үчүн, турак-жай-коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө тарифтердин өсүү тенденциясын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 12-июнундагы №316 “Бишкек шаарынын жарды жана  жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын тургундарына турак-жай-коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө субсидияларды берүү тартиби жөнүндө” жобонун 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-“16%” деген цифра “10%” деген цифра менен алмаштырылсын.

2. Бишкек шаарынын мэри (К. К. Кулматов): Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, 2015-жылга  Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун кароодо  бул токтомду ишке ашырууга финансылык каражаттарды карасын.

3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясына   (А.Т.Сариев), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М. А. Исмаиловго жана  Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу А. М. Рыскуловага жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык

кеңештин тѳрагасы:

 

М.А.Аманкулов