ПостановлениеДействует

Гүлчө айылдык кеңешинин 2013-жылдын 24-июнундагы № 6/1 «Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу мектептерде 1-4-класстын окуучуларына чашке тамагынын берилишинин абалы жана капиталдык ремонтко бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдаланышы жөнүндө» токтому

Редакцияот 24.06.2013
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 6-заседаниеси

 

2013-жылдын 24-июну № 6/1

Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу мектептерде 1-4-класстын окуучуларына чашке

тамагынын берилишинин абалы жана капиталдык ремонтко бөлүнгөн акча каражаттарын

максаттуу пайдаланышы жөнүндө.

Гүлчө айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 6- заседаниеси Гүлчө айылдык Кеңешинин депутаты К.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп  талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын» 36- беренесинин 1-пунктуна негизденип

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Гулчо айылдык Кеңешинин депутаты К.Исмаиловдун билдируусу жана текшеруу комиссиясынын чечимине Парманас, Аданбаева орто мектептеринде кетирилген кемчиликтер белгиленсин.

Текшерүү комиссиясы аныктаган кемчиликтерди 15.05.2013-жылга чейин жою жагы мектеп директорлору Ж.Абытов жана Б.Алмаматовго милдеттендирилсин.

Келтирилген кемчиликтерди өз убагында аткарылышын козомолго алуу жагы Гулчо айыл окмотунун башчысы Б.Таировго милдеттендирилсин.

 

Гулчө айылдык

Кеңешинин төрагасы:

Ш. Жапанов