Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ ОН ЖЕТИНЧИ СЕССИЯСЫНЫН (V ШАЙЛАНГАН) ЗАСЕДАНИЕСИНИН ТОКТОМУ.
5-август 2014-жыл № 17/2
Чалма айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын-алуу жана коомдук тартиптин сакталышынын абалы жонундо
Кун тартибиндеги маселе боюнча Чалма айыл Окмотунун башчысы Ибраим у. Уланбектин билдируусун угуп жана талкуулап, Чалма айылдык округунун айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл аймагында акыркы мезгилдерде коомдук тартиптин сакталышы, кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы иш алып барууда Чалма айыл Окмоту, коомдук уюмдар, аксакалдар соту, ардагерлер Кенеши, жаштар уюму жана милициянын участкалык инспектору тарабынан жетишээрлик иш алынып барылбай жаткандыгы белгиленсин.
2. Айыл окмотунун башчысы Ибраим уулу Уланга, айыл башчыларына:
- айылдарда кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы курошуу боюнча ички иштер болумунун участкалык инспектору менен тыгыз байланышта иш жургузуу жана ага иштоо учун кызматтык шарттарды толук тузуп беруу жагы;
- кылмыштуулуктун алдын алуу, алардын кесепеттерин жоюу жана коомдук тартипти чындоо боюнча тузулгон коомдук алдын-алуу борборунун ишин жандандыруу, иштоо учун шарт тузуп беруу;
- жаштар арасында айрыкча мектеп окуучулары арасында кылмыштуулуктун алдын-алуу учун мекеме-уюмдар менен бирдикте тунку рейддерди тынымсыз уюштурушсун;
- айыл аймагында жайгашкан соода точкалары тарабынан калкты тейлоодо соода эрежелеринин сакталышына такай козомолдук жургузулуп, соода точкалары, дукондордо кечки саат 18-00 дон эрте мененки саат 8-00 го чейин спирттик ичимдиктерди жана тамеки сатууга тыюу салынсын;
- БУУнун балдардын укугун коргоо боюнча конвенциянын талаптарына ылайык 16 жашка чыга элек оспурумдорго спирт ичимдиктерин, тамеки сатууга тыюу салынсын;
3. Чалма айыл округунун аймагында кылмыштуулуктун кобойуп бара жаткандыгына байланыштуу участкалык инспекторго методикалык техникалык жардам корсотуу менен талап коюучулукту кучотуу жагы Кара-Кулжа ички иштер болумунун начальниги милициянын полковниги Б.Караевден суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы Чалма айылдык округунун айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби¸мандат, Кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Окмотунун башчысы Ибраим у. Уланбекке тапшырылсын.
Чалма айылдык округунун айылдык Кенешинин торагасы |
А.Кадыркулов |