ПостановлениеДействует

Токтогул шаардык кеңешинин 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 43 «Токтогул шаарындагы №1»Достук«мектепке чейинки билим берүү уюмунун сырткы тосмосун капиталдык оңдоо үчүн түзүлгөн долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү боюнча» токтому

Редакцияот 03.04.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз VIII  сессиясы

 

2015-жылдын 3-апрели № 43

Токтогул шаарындагы №1 “Достук” мектепке чейинки билим берүү уюмунун сырткы тосмосун капиталдык оңдоо үчүн  түзүлгөн долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым катары  акча каражатын бөлүп берүү боюнча 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жогорудагылардын негизинде Токтогул шаарындагы №1 “Достук” мектепке чейинки билим берүү уюмунун сырткы тосмосун капиталдык оңдоо үчүн түзүлгөн долбоорду  түрткү берүүчү гранттын эсебинен жүргүзүү толугу менен колдоого алынгандыгы белгиленсин.

2. Проекттин жалпы баасы  1654 545 (бир миллион алты жүз элүү төрт миң беш жүз кырк беш) сом болгондуктан, бул сумманын 20%, так айтканда  330 909  (үч жүз отуз миң тогуз жүз тогуз) сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

3 .Бул токтомду аткаруу жагы  Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

4 .Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча”туруктуу комиссиянын төрайымы М.Солтоевага тапшырылсын.

5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

6. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

К.Дербишев