ПостановлениеДействует

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2015-жылдын 19-августундагы № 34/123 «Кызыл-Кыя шаарынын Молдо Гулмат атындагы маданий эс алуу багындагы оюн-зоокторго жана соода түйүндөрүнө төлөмдөрдү бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 19.08.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 19-августу № 34/123

Кызыл-Кыя шаарынын Молдо Гулмат атындагы маданий эс алуу багындагы оюн-зоокторго жана соода түйүндөрүнө төлөмдөрдү бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы жана фискалдык саясат маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, шаардын Молдо Гулмат атындагы маданий эс алуу багынын администрациясынын 2015-жылдын 30-июнундагы №40-ПК кайрылуу катын жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 Кызыл-Кыя шаарынын Молдо Гулмат атындагы маданий эс алуу багындагы оюн-зоокторго жана соода түйүндөрүнө төлөмдөр тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кызыл-Кыя шаардык

кеңешинин төрагасы

 

А. Маткалыков

 

 

Кызыл-Кыя шаардык кенешинин

(V чакырылышы) 2015-жылдын

19-августундагы кезексиз

34-сессиясынын № 34/123

-токтомуна №1-тиркеме

 

Кызыл-Кыя шаарынын Молдо Гулмат атындагы маданий эс алуу багындагы оюн-зоокторго жана соода түйүндөрүнө төлөмдөр

 

К-р №

Аткарылуучу иш-чара

Баасы (сом менен)

1.

Оюн-зоокторго түшүүгө бир адамга

20

2.

Автоунаалардын кирүү акысы:

 

 Жеңил автоунаа

 

 Оор автоунаа

 

 

20

 

100

3.

Соода түйүндөрү үчүн күнүнө

50

4.

Балмуздак, шашлык, пахтакант, сүрөтчүлөр, тамак жасоочулар үчүн күнүнө

100

5.

Автоунаа коюучу автопарковка акысы күнүнө

10

6.

Таштандылар үчүн айына (Ижарачылар)

50

 

Кызыл-Кыя шаардык

кеңешинин жооптуу катчысы:

 

Р. Абдукаюмов