ПостановлениеДействует

Чаек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № 3 «Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан»Чукур-Аксеки«участкасына айыл статусун берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 20.01.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

 

2016-жылдын 20-январы № 3

Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки” участкасына айыл статусун берүү жөнүндө

Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки”участкасына айыл статусун берүү жөнүндө.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-мартындагы №137 токтомуна ылайык жана “Чукур-Аксеки”айылында 350дөн ашык түтүн 2100 дөн ашык калктын санын эске алып, күн тартибиндеги маселени боюнча талкуулап, Чаек айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагында жайгашкан “Чукур-Аксеки” участкасына айыл статусун берүү жагы Жумгал райондук кошмо жыйындан суралсын.

2. “Чукур-Аксеки” айылынын чеги. Чыгышынан Чет-Куугандынын суусу. Батышынан Б.Бабаев көчөсүнүн асты үстү. Түштүгү М.Рыскулов көчөсүнүн башы мечиттин жаны. Түндүгү Саздын башына чейин.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.

 

Чаек айылдык

кеӊешинин төрагасы:

 

А.Ж Бөдөнбеков