ПостановлениеДействует

Ноокат шаардык кеңешинин 2016-жылдын 2-августундагы № XXXVII-1 «Ноокат шаарынын 2016-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдурасуловдун билдирүүсү жөнүндө» токтому

Редакцияот 02.08.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXVII сессиясы

 

2016-жылдын 2-августу № XXXVII-1

Ноокат шаарынын 2016-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдурасуловдун билдирүүсү жөнүндө

Ноокат шаарынын 2016-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдурасуловдун билдирүүсү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кенешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарынын 2016-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдурасуловдун билдирүүсү эске алынсын. (Билдирүү тиркелет)

2. Ноокат шаарынын 2016-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын мөөнөтүндө аткарылышы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдурасуловго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ноокат шаардык

кеңешинин төрагасы

 

А.Гафаров

 

 

Ноокат шаардык кеңешинин 2016-жылдын 2-августундагы кезектеги IV чакырылыш XXXVII сессиясынын №- XXXVII-1 токтомуна №1 тиркеме.

Ноокат шаардык мэриясынын 2016-жыл 6 айдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча Ноокат шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдурасуловдын билдирүүсү

Урматтуу төрага!

Урматтуу депутаттар!

Урматтуу бугунку чогулуштун катышуучулары!

Ноокат шаардык мэриясынын 2016-жылдын 6 (алты) айы үчүн бекитилген бюджетинин планы киреше болугу 23 449,1 миң сомду түзөт. Ал эми 6 (алты) ай ичинде киреше жана чыгаша боюнча такталган планы 27432,7 миң сомду түзду. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү боюнча 6 (алты) айга бекитилген планы 23449,1 миң сом болсо, 6 (алты) ай ичинде 27216,4 миң сом же болбосо 3 767,3 миң сомго көп аткарылды.

1. Атап айтсак, киреше салык планы 6541,1 миң сом болсо, аткарылганы 7635,3 миң сомду түзүп, план 1094,2 миң сомго көп, же 116,7% га аткарылды.

2. Бирдиктүү салык планы 112,2 миң сом болсо, аткарылганы 197,8 миң сомду түзүп, план 176,3% га, же 85,6 миң сомго көп аткарылды.

3. Патенттен тушкон салык планы 6987,1 миң сом болсо, аткарылганы 7356,7 миң сомду түзүп, план 369,6 миң сомго көп, же 105,3% га аткарылды.

4. Кыймылсыз мулк салыгы 738,3 миң сом болсо, аткарылганы 783,5 миң сомду түзүп, план 106,1% га, же 45,2 миң сомго көп аткарылды.

5. Транспорт салыгы планы 412,0 миң сом болсо, аткарылганы 1001,5 миң сомду түзүп, план 243,1% га, же 589,5 миң сомго көп аткарылды.

6. Сатуудан тушкон салык планы 4437,6 миң сом болсо, аткарылганы 5177,7 миң сомду түзүп, план 116,7% га, же 740,1 миң сомго көп аткарылды.

7. Таштанды ташып чыгаруу салык планы 157,0 миң сом болсо, аткарылганы 212,8 миң сомду түзүп, план 135,5% га, же 55,5 миң сомго көп аткарылды. 

8. Калктуу конуштагы жер салыгынын планы 238,1 миң сом болсо, аткарылганы 52,5 миң сомду түзүп, план 22,0 % га, же 185,6 миң сомго кем аткарылды. 

9. Авто токтоочу жайдан (порковкадан) алынуучу салык 500,0 миң сом болсо аткарылганы 436,3 миң сомду тузуп, план 87,3 % га же 63,7 миң сомго кем аткарылды.

2015-жылдын 6 айына жалпы тушкон киреше 22766,9 миң сом болсо 2016-жылдын 6 айында тушкон жалпы киреше 27216,4 миң сом болду 2015-жылга салыштырмалуу жергиликтүү бюджетке 119,5 % көп же 4449,4 миң сомго киреше көп түштү.

Чыгаша болугу боюнча айтсам 2016-жылдын 6 айына 23449,1 миң сом болуп 2016-жылдын 1-январына калган калдык 3983,6 миң сом болуп жалпы 6 айда 27432,7 миң сомго план такталган. 

Аткарылганы: 

701 бөлүм Өзүн өзү башкаруу тармагы 81,0 % га аткарылды

706 бөлүм Коммунальдык чарба бөлүмү 71,2 % аткарылды

708 бөлүм Маданият тармагы 66,9 % аткарылды

709бөлүм Билим берүү тармагы 33,7 % аткарылды

710 бөлүм Социалдык коргоо тармагы 83,1 % аткарылды

Жалпы 51,0 % аткарылды. Чыгаша бөлүгүнүн аз аткарылган себеби билим берүү тармагындагы көмүр алуу ремонттору каникул убагында башталганы жана жолдорго асфальттарды эми басып жаткандыгына байланыштуу.

 

Ноокат шаар мэриясынын

финансы-экономика башчысы:

 

М.Абдурасулов