ПостановлениеДействует

Кароол айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-мартындагы № 78 «Кароол айыл аймагындагы жашоочулардын мал-жандыктарын эмдөө жүргүзүүнүн тарифтик өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 03.03.2014
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кароол айылдык кеңешинин бешинчи чакырылыштагы кезексиз он төртүнчү сессиясы

 

2014-жылдын 3-марты № 78

 

Кароол айыл аймагындагы жашоочулардын мал-жандыктарын эмдөө жүргүзүүнүн тарифтик өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

Кырыгыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2012-жылдын 28-сентябрындагы “Ош облусунун аймагындагы эпизоотиялык абалды алдын-алуу жана туруктуулугун сактоо жөнү ндө” №77-б буйругун ишке ашыруу жөнү ндөгү  Кароол айыл өкмөтү нү н башкы адиси-ветврачы К.Дыкановдун кайрылуу каты Кароол айылдык кеёешинин “Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссияда каралып, комиссиянын курамынын талкуусунун негизинде тү зү лгөндү гү н эске алып, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Кароол айылдык кеёешинин кезексиз он төртү нчү  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кырыгыз Республикасынын Өкмөтү нү н Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкү лү нү н 2012-жылдын 28-сентябрындагы “Ош облусунун аймагындагы эпизоотиялык абалды алдын-алуу жана туруктуулугун сактоо жөнү ндө” №77-б буйругун ишке ашыруу максатында Кароол айылдык кеёешинин тургундарынын мал-жандыктарын Кароол айыл аймагынын аймагындагы ветеринардык сервистер тарабынан эмдөөнү н төмөндөгү дөй тарифтик өлчөмдөрү  бекитилсин:

бир баш жылкы, кара мал ү чү н элү ү  сомго чейин;

бир баш кой, эчки ү чү н жыйырма сомго чейин;

бир баш ит, мышык ү чү н жетимиш сого чейин;

бир баш тоок-канаттууларга беш сомго чейин.

2. Бул токтомду аткарууга алуу Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сайитовго милдеттендирилсин.

3. Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеёештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына (Азизов А.) жүктөлсүн

 

Төрага

Акматалиев А.Т.