ПостановлениеДействует

Талаа-Булак айылдык кеңешинин 2015-жылдын 9-апрелиндеги № 14/4 «Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2015-жылга тазалык жыйындан жеңилдиктерди берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 09.04.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

 ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 9-апрели № 14/4

                                                Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын  кезектеги  XIV сессиясы

 

 Талаа-Булак  айыл аймагынын  айыл  өкмөтү боюнча   2015-жылга   тазалык   жыйындан   жеңилдиктерди  берүү  жөнүндө

Талаа-Булак  айыл  аймагынын  Дөң-Алыш,Комсомол   айылдарында   жашаган   социалдык   жактан   коргоого  муктаж ,оокаты   начар,  багаар  көрөөрү  жок, жалгыз  бой,кары-картаң   болгон  түтүн   ээлерин   тазалык   жыйындан  бошотуу   жөнүндө  айыл  аймагынын   айыл   өкмөтүнүн   кирешелер   боюнча   башкы  адиси   А.Джумабаеванын   сунушун   угуп   жана  талкуулап   Кыргыз  Республикасынын   “Жергиликүү  өз  алдынча   башкаруу   жөнүндө”  Мыйзамынын   31-беренесинин  2-пунктунун   4-пункутчасынын   негизинде   Талаа-Булак   айыл   аймагынын   айылдык  Кеңеши  

ТОКТОМ  КЫЛЫТ:

1. Талаа-Булак   айыл   аймагы  боюнча  социалдык жактан   коргоого  муктаж   оокаты   начар,  багаар  көрөөрү  жок, жалгыз  бой,кары-картаң   аттуулдардын  тизмесине  ылайык   145  түтүнгө  2015-жылга  пландалып   жаткан  тазалык   жыйынынан  бошотулсун.

2. Бул   токтомдун   аткарылышын   көзөмөлдөө  жагы   айылдык  Кеңештин   туруктуу   комиссиясына  тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Керимкулов