Токтогул шаардык кеңешинин 2015-жылдын 19-июнундагы № 52 «Ондошева Майрамканды Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак Грамотасына сунуштоо боюнча» токтому
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз X сессиясынын
2015-жылдын 19-июну № 52
Ондошева Майрамканды Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак Грамотасына сунуштоо боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы К.Дербишевдин сунушун угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ак-Бакай” коомдук кайрымдуулук фондунун төрайымы, баатыр эне Ондошева Майрамкандын ар кандай коомдук иштерде активдүүлүгү, элибиздин руханий байлыгын арттыруу максатында жасаган иштериндеги жетишкендиктери эске алынсын.
2. Жогорудагылардын негизинде Ондошева Майрамканды Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак Грамотасына сунуштоо жагы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы | К. Дербишев
|