ПостановлениеДействует

Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин 2013-жылдын 14-сентябрындагы № 3 «Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 14.09.2013
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын  кезектеги VI сессиясы

 

2013-жылдын 14-сентябры № 3

 

Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

Эмгек-Талаа айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп www.emgektalaa.narvn-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эсенбековго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А. Эсенбеков