ПостановлениеДействует

Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 2015-жылдын 24-февралындагы № 4/2 «Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жылдагы кирешеден ашкан сумманы карап, чыгымдарын аныктоо жѳнүндѳ» токтому

Редакцияот 24.02.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Арык айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын III кезексиз сессиясы

 

2015-жылдын 24-февралы № 4/2

 

Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жылдагы кирешеден ашкан сумманы карап, чыгымдарын аныктоо  жѳнүндѳ

«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» жана «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнүндѳ» Мыйзамдарына ылайык Жаңы-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын сунушун эске алып жана айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Т.Султанкадыровдун маалыматын, айылдык Кеңештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн  угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Арык айыл ѳкмѳтүнүн 1-январь 2015-жылга жергиликтүү бюджетинин  киреше-чыгашасынан ашкан 330520 сом 22 тыйын тѳмѳндѳгүдѳй чыгымдарга жумшалсын:

3111 статьясы боюнча Тѳрѳт бѳлүмүнүн ремонтуна – 200 000 сом;

3111 статьясы боюнча –Кѳпүрѳнүн ремонтуна – 80 000 сом

3111 статьясы боюнча – Кичи футбол аянтчасына – 50520 сом 22 тыйын

Жалпысы: 330520 сом  22 тыйын

 

2. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;

 

3. Токтомдун аткарылышын контролдоо  Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге жүктѳлсүн.

 

 

Төрайым

Б. Жумаева