ПостановлениеДействует

Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 2015-жылдын 16-майындагы № 5/2 «Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жѳнүндѳ» токтому

Редакцияот 16.05.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Арык айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын II кезектеги сессиясы

 

2015-жылдын 16-майы № 5/2

 

Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жѳнүндѳ

Жаңы-Арык айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын кѳпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылар жѳнүндѳ» Мыйзамынын  26-беренесине ылайык, Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын;

 

2. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, Jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;

 

3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге жүктѳлсүн.

 

Төрайым

Б. Жумаева