ПостановлениеДействует

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2015-жылдын 26-майындагы №2 «Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-2018-жылдарга карата киреше боюнча долбоору жөнүндө» токтому

Редакцияот 26.05.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин  кезектеги  он алтынчы сессиясы

 

2015-жылдын 26-майы №2

 

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-2018-жылдарга карата киреше боюнча долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин, Кыргыз Республикасындагы “Бюджеттик укуктук негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 48-беренесин негиздеп, айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруеванын, айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-2018-жылдарга карата бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору жөнүндө баяндамаларын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-2018- жылдар үчүн киреше бөлүгүнүн долбоору төмөндөгүдөй бекитилсин:

2016-жылга 9800,0 миң сом

2017-жылга 10021,7 миң сом

2018-жылга 10241,0 мин  сом

2. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Асановго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруевага жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрайымы

 

Т. Наримбетова