ПостановлениеДействует

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2015-жылдын 26-майындагы № 4 «Кызыл-Туу» жайыт комитетинин 2015-жылга карата бюджети жөнүндө" токтому

Редакцияот 26.05.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин  кезектеги  он алтынчы сессиясы

 

2015-жылдын 26-майы № 4

 

“Кызыл-Туу” жайыт комитетинин 2015-жылга карата бюджети жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын жана 2009-жыл 26-январь №30 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4-6-8-10-беренелеринин негизинде “Кызыл-Туу” жайыт комитетинин төрагасы Т.Исаковдун маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. “Кызыл-Туу” жайыт комитетинин 2014-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

2. “Кызыл-Туу” жайыт комитетинин 2015-жыга карата түзүлгөн бюджети №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Жайыттарды мыйзамдуу пайдалануу жана токтомдун аткарылышын колго алуу жагы “Кызыл-Туу” жайыт комитетинин торагасы Т.Исаковго милдеттендирилсин.

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрайымы

 

Т. Наримбетова   

 

Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 26-май 2015-жыл кезектеги  он алтынчы сессииясынын № 4 токтомуна №1 тиркеме

 

Жалал-Абад областынын Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын “Кызыл-Туу” жайыт комитетинин 2015-жылга карата бюджеттик планы

 

Киреше бөлүк

1. Жайыт жерлеринен түшкөн акчалай киреше (8105 га) - 780200 сом

 

Чыгаша бөлүк

Төраганын маянасы- 10 айга 7000 сомдон 70000 сом

Төраганын орун басарынын маянасы- 10 айга 5500 сомдон 55000 сом

Бухгалтеринин маянасы- 10 айга 5500 сомдон 55000 сом

Адисинин маянасы-10 айга 5500 сомдон 55000 сом

Кок-Арт жана Кызыл-Суу жайлоосунда турган постто турган жумушчунун маянасы- 2 айга 4000 сомдон 8000 сом

Соцфонд төлөмдөрү- 10 айга 4105 сомдон 41055 сом

Жайыт жерлеринин салыгы- 12 айга 10818 сомдон 129810 сом

Сатуу салыгы 3%- 12 айга 2034 сом

Таза кирешелерден алынуучу салык- 12 айга 1008 сомдон 12098 сом

 Эмерек жана инвентар сатып алуу-  20000 сом

 Жайыт инфрасруктураларын жакшыртуу (жол, көпүрө)- 197831 сом

 Транспорттук чыгымдар- 6500 сом

 Электро энергия чыгымдары- 5000 сом

 Кенсе товарлар, компьютер кызматы- 9000 сом

 Сапар чыгымдары- 8000 сом

 Башка чыгымдар- 30000 сом

       Бардык чыгымдар- 780200 сом