ПостановлениеДействует

Орток айылдык кеңешинин 2015-жылдын 26-январындагы № 2 «Орток айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 228876
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орток айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV чакырылыштагы кезектеги 15- сессиясы

 

2015-жылдын 26-январы № 2

 

Орток  айыл  аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекттик тилде  гана кабыл алуу жөнүндө

Орток айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Орток айыл аймагынын айылдык Кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Орток айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп Ortok.narun-reqion.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турдалиевге жүкт=лсүн.

 

 

Төрага

О.Аалиев