ПостановлениеДействует

Дөбөлү айылдык кеңешинин 2015-жылдын 11-мартындагы № 5 «Дөбөлү айылынын тургундарынын жана тейлөө мекеме уюмдарынын таза сууга төлөнүүчү тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 11.03.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөбөлү  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз  19- сессиясы

                                                                              

2015-жылдын 11-марты № 5      

Дөбөлү айылынын тургундарынын жана тейлөө мекеме уюмдарынын таза сууга төлөнүүчү тарифтерди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Реснубликасынын «Ичүүчү  суу жөнүндөгү» мыйзамынын 21- беренесине ылайык тарифдерди  бекитүү  максатында  ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Дөбөлү айылынын тургундарынын жана тейлөө мекеме, уюмдарынын таза сууга төлөнүүчү тарифтери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

Айыл тургундары учун ай сайын бир адамга тариф үчүн - 10 сом

-Ар бир адамга - 5 % - 6 сом

-Суу  түтүгүн  үйгөкиргизип  пайдаландар үчүн – 100 сом

-Менчик үйлөргө суу түтүгүн киргизгенге уруксат алуу үчүн - 2500 сом

-О. Токтосунов атьшдагы орто мектеби ай сайын -250 сом

-№ 30 Кесиптик лицей ай сайын - 200 сом

-Дөбөлү  айыл өкмөтү - 100 сом

-Айыл ичиндеги менчик мончолор ай сайын - 250 сом

-Азык түлүк магазин( Б.Тезекбаева) ай сайын - 80 сом

-Азык түлүк магазин ( А. Казыбаев ) ай сайын - 80 сом

-«Мол булак» сут цех ай сайын - 100 сом

-«Айназик» кондитердик цех ай сайын- 100 сом

-Чакан магазин ( Ш. Алымбаева) ай  сайын  - 50 сом

2. Балдар бакчасы,уй- бүлөлүк дарыгерлер мекемеси салыктан бошотулары же  суу  пайдалануу  үчүн  акы  төлөнөөрү  Дөбөлү  айыл  өкмөтүнүн эсеп - кысап  статьясы  чечилгенден  кийин  бекитилсин.

3. Бекитилген жогорудагы тарифтерди өз убагында өндүрүү жана «Байэл» ИСКАКБ нын өздүк эсебине төктүрүү жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы  Ибраимакун  уулу Жанышбекке тапшырылсын.

 

     Төрага

К.Исаков