ПостановлениеДействует

Чолпон айылдык кеңешинин 2015-жылдын 5-февралындагы № 17/4 «Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу»Осовиахим«айылынын атын»Молдо Кылыч«айылына которуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 05.02.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

              Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

 

2015-жылдын 5-февралы № 17/4         

 Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Осовиахим” айылынын атын “Молдо Кылыч” айылына которуу жөнүндө

Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Осовиахим” айылынын жалпы тургундарынын 02.02.2015-жылдагы “Осовиахим” айылынын аталышын “Молдо Кылыч” айылы деген аталышка которуу жөнүндөгү чогулушунун токтомун эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» 25.04.2008-жылдагы № 65 мыйзамынын 2- бөлүмүнүн 12-беренесинин талаптарына ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши

                               Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

1. “Осовиахим” айылынын жалпы тургундарынын “Осовиахим” айылынын аталышын “Молдо Кылыч” айылы деген аталышка которуп берүү жөнүндөгү суроо-талаптары канааттандырылсын.

  2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

 

 

        Төрага

Б. Акматов