ПостановлениеДействует

Чолпон айылдык кеңешинин 2015-жылдын 5-февралындагы № 17/7 «Чолпон айылынын күн батыш тарабындагы жаңы отурукташып жаткан көчөнүн тургундарынын 08.01.2015-жылдагы № 1 Протоколу жөнүндө» токтому

Редакцияот 05.02.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

              Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

 

2015-жылдын 5-февралы № 17/7         

 

 Чолпон айылынын күн батыш тарабындагы жаңы отурукташып жаткан көчөнүн тургундарынын 08.01.2015-жылдагы № 1 Протоколу жөнүндө

Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн соц.адиси А.Боогачиевдин Чолпон айылынын күн батыш тарабындагы жаңы отурукташып жаткан көчөнүн тургундарынын (он үч түтүн) көчөгө Султанов Осмонкулдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү жалпы чогулушунун 08.01.2015-жылдагы №1 протоколу маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.08.2008-жылдагы№ 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби” жөнүндөгү жобосунун II- бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык  Депутаттардын Чолпон   айыл аймагынын айылдык  Кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

1. Чолпон айылынын күн батыш тарабындагы  жаңы отурукташып жаткан көчөнүн тургундарынын суроо-талаптары канааттандырылып, көчөгө Султанов Осмонкулдун ысымы ыйгарылып, “Осмонкул Султанов” атындагы көчө деп аталсын.

2. Осмонкул Султановдун урпактары кочөнүн ирээттүүлүгүн (жолун тегиздөө, түнкү жарыкты иштетүү, ж.б.) колго алуу жагы милдеттендирилсин.

 

 

        Төрага

Б. Акматов