ПостановлениеДействует

Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин 2015-жылдын 16-февралындагы № 1 «Кызыл- Жылдыз айыл округунун чегиндеги «Доңуз» участогунан «Бурана Плюс» жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жумуштарын жүргүзүү үчүн убактылуу пайдаланууга жер бөлүп берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 16.02.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңешинин кезектеги 12-сессиясы

 

2015-жылдын 16-февралы № 1

      

    Кызыл- Жылдыз  айыл  округунун  чегиндеги  «Доңуз»  участогунан  «Бурана Плюс» жоопкерчилиги  чектелген коомуна геологиялык  изилдөө  жумуштарын жүргүзүү  үчүн  убактылуу  пайдаланууга  жер  бөлүп  берүү  жөнүндө

     Күн   тартибиндеги   маселе  боюнча   талкуулап   Кызыл - Жылдыз  айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын  Жер  Кодексинин  13, 60, 61  беренелиринин жана   Кыргыз    Республикасынын    Өкмөтүнүн   12. 04. 2006 - жылдагы  № 261, Кыргыз    Республикасынын     токтому   менен   бекитилген    «Жер   казынасын пайдаланууга   жер  участокторун  берүү  жөнүндө»   жобосунун   жана  Кыргыз Республикасынын  9.08.2012-ж. № 160,   К.Р.   24.05.2014-ж.  № 77  мыйзамынын гл. 5, ст. 39  негизинде

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кызыл- Жылдыз    айыл    округунун    чегиндеги    «Доңуз»   участогунан «Бурана-Плюс»    жоопкерчилиги     чектелген   коомуна   геология   жана минералдык  ресурстар  боюнча   мамлекттик   агенттигинин   26.10.2011-жылдагы   3057- СР   геологиялык    изилдөөгө    берилген  лицензиянын  жана № 1 лицензиялык  макулдашуунун  негизинде  149 га  жер  участогу  төмөндөгү  бурчтук  точка  координаттарынын     чегинде    геологиялык изилдөө     жумуштарын   жүргүзүү   үчүн    31 . 12 . 2015 - жылга чейин  убактылуу  пайдаланууга  жер  участогу    бөлүнүп  берилсин.

 

     №№

    точек

       Х

         Ү

      №№

      точек

         Х

           Ү

         1

 4617290

  13470620

         4

   4618600

  13472840

         2

 4617680

  13470470

         5

   4617220

  13471120

         3

 4618580

  13471570

 

 

 

 

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн  аппаратынан  каттоодон  өткөрүлүп, jumgal.kg  веб - сайтына   жарыялансын    жана    Кыргыз    Республикасынын   Ченемдик  укуктук  актыларынын    мамлекеттик    реестрине    киргизүү   үчүн   Нарын юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

3. Бул  токтомдун  аткарылышы  Кызыл-Жылдыз   айыл  округунун жайыт пайдалануучулар   бирикмесинин   Кызыл-Жылдыз  жайыт  комитетинин төрагасы  Д. Омүрзаковго  тапшырылсын.

4. Бул   токтомдун    аткарылышын   көзөмөлдөө    Кызыл - Жылдыз    айыл өкмөтүнүн   башчысы  Б. Кыдырмаевге  милдеттендирилсин.

 

Төрайым

 

Г. Калмаматова