ПостановлениеДействует

Токтогул шаардык кеңешинин 2015-жылдын 28-октябрындагы № 62 «Токтогул шаардык кеңешине»Өнүгүү-Прогресс«саясий париясынан шайланган Мыктаров Кара Карашбековичтин ыйгарым укуктарынын токтотулушу жана бош калган мандаттын ордун ээлөө боюнча» токтому

Редакцияот 28.10.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XII  сессиясы

 

2015-жылдын 28-октябры № 62

Токтогул шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” саясий париясынан шайланган Мыктаров Кара Карашбековичтин ыйгарым укуктарынын токтотулушу жана бош калган мандаттын ордун ээлөө боюнча

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 52-беренесинин негизинде, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мыктаров Кара Карашбековичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, анын депутаттык ыйгарым укуктарынын токтогондугу эске алынсын (өлгөндүгү боюнча күбөлүгү тиркелет).

2. Токтогул шаардык кеңешинде бош калган мандаттын ордун ээлөөнү “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкерге ыйгаруу жагы Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3. Аймактык шайлоо комиссиясына билдирме берүү жагы Токтогул шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

5. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана  кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

ТөрТөрага

 

К. Дербишев