ПостановлениеДействует

Салам-Алик айылдык кеңешинин 2015-жылдын 23-мартындагы № 160 «Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Салам-Алик айылына дамба куруу жөнүндө» токтому

Редакцияот 23.03.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ - АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

        Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыш 19-сессиясы 

 

2015-жылдын 23-марты № 160

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Салам-Алик айылына дамба куруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Салам-Алик айылына дамба курууга акча каражатын бөлүү жөнүндө айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 19-сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылынын Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин тушуна дамба куруу үчүн  210,0 миң сом  акчалай айыл өкмөтүнүн салымы  жана 97 736 (токсон жети миң жети жүз отуз алты ) сомдук элдин салымы катары  жумуш аткарууга, бардыгы 307 736 (үч жүз жети миң жети жүз отуз алты сом) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Жогорудагы акча каражатын бөлүп берүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана  байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Таштемиров