Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2023-жылдын 2-октябры № 73
Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгынын сел аранын түндүк-чыгыш 4,0га жер аянты, М.Салихов көчөсүндөгү 0,15га ММД балансасындагы “айыл чарба багытындагы” жер аянттарын “коммерциялык активдүүлүк” багытына трансформациялоого (которууга)макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө №145 Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктуна, 12-беренесине жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы №01-13/2331 катынын, шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгынын сел аранын түндүк-чыгыш 4,0га жер аянты, М.Салихов көчөсүндөгү 0,15га ММД балансасындагы “айыл чарба багытындагы” жер аянттарын “коммерциялык активдүүлүк” багытына трансформациялоого (которууга) макулдук берилсин.
2.Тийиштүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаар мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/
Төрага | А.Аширов |