Редакцияот 26.12.2023
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 26-декабры № 801-т

Баткен облусун социалдык өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-октябрындагы № 561-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттагы “Финансы министрлиги” деген сөздөр “Экономика жана коммерция министрлиги” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

“21. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Баткен облусунун Баткен шаарындагы балдар ооруканасынын курулушу бүткөндөн кийин керектүү медициналык жабдуулар, медициналык персоналдын штаты жана андан ары күтүү менен камсыз кылсын.”;

- жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыркаган жана Региондук экономиканы өнүктүрүүнүн экинчи долбоорунун “Күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалдарга шарттуу жооп” 4 компонентинин каражаттарынын эсебинен каржылоо пландалган социалдык объекттердин тизмегинде:

“Баткен району” бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:

 

91

91

Баткен облусунун Баткен шаарындагы балдар ооруканасынын курулушу

объект

АРИС

 

”.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У . Жапаров