ПереченьДействует

Перечень случаев и ситуаций, по которым имеется риск возникновения коррупции в Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики

Редакцияот 22.09.2023
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

Кыргыз Республикасынын

Саламаттык сактоо министрлигинин

2023-ж. «22» сентябрь № 1140

буйругуна тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигиндеги

коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги

 

 

№

Мамлекеттик органдын/ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы

(ыйгарым укуктары)

Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар

Коррупциялык тобокелдиктин категориясы:

Системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык

Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку)

Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин аталышы)

Коррупциялык тобокелдикке кабылган кызмат орундары

Башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү (ооба болсо, кайсы экенин көрсөтүңүз)

1.

Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана юридикалык экспертизадан өткөрүү

Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда, макулдашууда кызыкчылыктардын кагылышуусу

Кырдаалдык

Төмөн

АРИКЖжУК башкармалыгы;

МЖУжДС башкармалыгы;

КССМжФМЛ башкармалыгы;

КС башкармалыгы

АРИКЖжУКБнын

Башкы адиси;

Башкармалыктардын начальниктери

 

Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн

2

Ведомстволук сыйлыктарды алууга мамлекеттик кызматкерлерин  жана саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерин сыйлоого документтерди даярдоо.

Белгилүү бир адамды сыйлыкка көрсөтүү боюнча мүмкүн болгон макулдашуу;

Министрликтин системасынын кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктарга караштыруу жана көрсөтүү боюнча, кызматкерлерге карата сыйлыктарды колдонуунун мыйзамдуулугун камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чараларды сактабоо.

Потенциалдуу

Орто

АРИКЖжУК башкармалыгы;

 

Сыйлыктар боюнча комиссия

Кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн

Башку адиси;

 

Сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөлөрү

Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн

3

Бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстарды өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу (кабыл алуу, дайындоо, которуу, ротациялоо)

Белгилүү бир адамдын кызыкчылыгын көздөө мүмкүнчүлүгү

Потенциалдуу

Орто

АРИКЖжУК башкармалыгы;

МЖУжДС башкармалыгы;

КССМжФКЛ башкармалыгы;

КС башкармалыгы;

СПжПИ башкармалыгы

Бөлүмдөрдүн начальниги;

Кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы

 

Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн

4

Мамлекеттик саясатты ишке ашыруу процессинде өнүгүүнү контролдоону жана болжолдоону жүзөгө ашыруу;

Кызматкерлерди конкурстан өтпөстөн ишке орноштуруу

Ведомстводо өз алдынча чечим кабыл алуу;

 

Жумушка орношууда кызыкчылыктардын кагылышы.

Потенциалдуу

Жогорку

ММКФонду;

ДКжМБ департаменти;

ОААжМСЭК департаменти; «Кыргызфармация» ишканасы

 

Төраганын орун басарлары;

Директордун орун басарлары (саясий кызмат эмес)

Бул тобокелдик КР Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишине тиешелүү болушу мүмкүн

5

Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорунун сакталышын контролдоо жана мониторингдөө жана мамлекеттик сатып алуулардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу

Жеткирүүчүнүн спецификациясына ылайыктап документтерди даярдоо;

Жабык маалыматты үчүнчү жактарга берүү тобокелдиги;

Жеткирүүчүнү тандоо критерийлеринде, келишимдин шарттары жеткирүүчүлөрдүн көпчүлүк бөлүгү үчүн аткарууга мүмкүн эместиги;

Мыйзамда каралбаган кошумча талаптарды киргизүү;

Табыштамаларды баалоодо жана дал келтирүүдө сатуучуларга карата негизсиз дискриминациялоо;

Сатып алууларды жүзөгө ашырууда айрым жеткирүүчүлөр үчүн негизсиз артыкчылыктарды белгилөө;

Келишимдин шарттарын негизсиз өзгөртүү, баш тартуу;

Контракт түзүүнү кечеңдетүү

Кырдаалдык

Жогорку

СПжПИ башкармалыгы

Сатып алууларды уюштуруу секторунун бардык кызматкерлери

Бул тобокелдиктер мамлекеттик сатып алуу процесстерин уюштуруучу жана ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн

 

6

Жеке медициналык жана фармацевттик ишке лицензия берүү

Жеке медициналык жана фармацевттик иш жүргүзүүгө лицензия берүүдөн негизсиз баш тартуу;

 

Арыз ээсинин чечимди даярдоо жана кабыл алуу процессинин катышуучулары менен түз байланышуу мүмкүнчүлүгү бар;

 

Чечим кабыл алууда маселени чечүүнү белгиленген мөөнөттөн (бюрократиядан) ашыкча негизсиз создуктуруу.

Кырдаалдык

Жогорку

 

КССМжФКЛ башкармалыгы

Медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо секторунун бардык кызматкерлери

 Бул тобокелдиктер лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн

 

7

Жогорку окуу жайларда медициналык билим берүү чөйрөсүндө тиешелүү лицензия алуу үчүн "6-форманы" берүү

Чечим кабыл алууда маселени белгиленген мөөнөттөн (бюрократиядан) ашыкча чечүүнү негизсиз создуктуруу.

Кырдаалдык

Орто

АРИКЖжУК башкармалыгы

Медициналык билим берүү жана илим бөлүмүнүн бардык кызматкерлери

Бул тобокелдик Министрликтин ишине гана тиешелүү болушу мүмкүн

8

Гранттык / кредиттик долбоорлорду илгерилетүү

Долбоорду тандоодо белгилүү бир уюмдун кызыкчылыгын көздөө; белгилүү бир пайдалуу долбоорлор принцибин сактабоо.

Кырдаалдык

Жогорку

СПжПИ башкармалыгы

Башкармалыктын начальниги

Бул тобокелдик Министрликтин ишине гана тиешелүү болушу мүмкүн

9

Долбоор боюнча медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн техникалык тапшырманы даярдоо жана медициналык жабдууларды андан ары бөлүштүрүү

Айрым адамдардын кызыкчылыктарын көздөө

Саламаттык сактоо уюмдарынын

Кырдаалдык

Жогорку

МЖУжДС башкармалыгы

Башкармалыктын начальниги

Бул тобокелдик Министрликтин ишине гана тиешелүү болушу мүмкүн

 

 

Кыскартуулардын тизмеси:

 

АРИКЖжУК – Адам  ресурстары, иш кагаздарын жүргүзүү жана укуктук колдоо башкармалыгы;

 

КС – Каржы  саясаты башкармалыгы;

 

СПжПИ – Стратегиялык пландаштыруу жана программаларды ишке ашыруу башкармалыгы;

 

МЖУжДС – Медициналык  жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгы;

 

КССМжФКЛ – Коомдук  саламаттык сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо башкармалыгы;

 

ОААжМСЭК – Кыргыз  Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын  алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти;

 

ММКФ – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду

 

ДЛСиМИ – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти

 

«Кыргызфармация» - «Кыргызфармация»  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин мамлекеттик ишканасы