ПостановлениеДействует

Бейшеке айылдык кеңешинин 2022-жылдын 4-февралындагы № 1 «Кара – Буура районунун Бейшеке айыл аймагыа караштуу» Балыкчы«айылынан жашоочуларынын» Балыкчы«айылын расмий түрдө айыл катары таануу жана атайын статус берүү тууралу» токтому

Редакцияот 04.02.2022
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЙШЕКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2022-жылдын 4-февралы № 1

 

Кара – Буура районунун Бейшеке айыл аймагыа караштуу “ Балыкчы”  айылынан жашоочуларынын “ Балыкчы” айылын расмий түрдө айыл катары таануу жана атайын статус берүү тууралу”

 

Кара – Буура районунун Бейшеке айыл аймагыа караштуу “ Балыкчы”  айылынан жашоочуларынын “ Балыкчы” айылын расмий түрдө айыл катары таануу жана атайын статус берүү тууралу” өтүнүч – талаптарын угуп – талкуулоо менен Бейшеке айылдык кеңеши чечим  кылат

 

            1. “ Балыкчы” айылынын жашоочуларынын “Балыкчы” айылын расмий түрдө айыл катары таануу жана атайын статус берүү тууралуу” өтүнүч – талаптары туура деп табылсын.

2. “ Балыкчы” айылынын жашоочуларынын “Балыкчы” айылын расмий түрдө айыл катары таануу жана атайын статус берүү тууралуу” өтүнүч – талаптарын канааттандыруу максатында Бейшеке айылдык кеңеши  тарабынан кабыл алган чечим тууралуу  Кара – Буура райондук мамлекетик администрациясына билдирилсин( Жашоочулардын кайрылуусу кошо тиркелет).

3. “ Балыкчы” айылынын жашоочуларынын “Балыкчы” айылын расмий түрдө айыл катары таануу жана атайын статус берүү тууралуу” өтүнүч – талаптарына байланыштуу, Бейшеке айылдык кеңешинин кабыл алган чечими тууралуу Бейшеке айылдык кеңешинин атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине атайын кайрылуу жолдонсун ( Жашоочулардын кайрылуусу кошо тиркелет).

4. Чечимди айтылган даректер боюнча жеткирүү жоопкерчилиги,  аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Б. Сулаймановго  жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Женишбек уулу А.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Бактыбек Нарбековго Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бектур Сагымбаевге Бейшеке айыл Кеңешнин депутаттарына жалпы коомчулукка карата

 

 

                                                                                

К А Й Р Ы Л У У

 

Биз-Бейшеке айыл амагына караштуу “Балыкчы” айылынын жашоочулары Сиздерге төмөндөгүдөй өтүнүч- талаптар менен кайрылабыз.

 

Азыр айылдын “Балыкчы”деп аталып калышынын себептерин тарых барактарын аңтарып, өткөн кылымдын тээ 30-40-50-жылдарынан издөө керек. Анткени , согушка чейин согуш маалында жана андан кийинки кыйын-кезең жылдарда “Бейшеке” колхозунун аймагында жергиликтүү калктан тышкары орус,түрк,күрд,грек, кийинчирээк чечен улутунун өкүлдөрү келип отурукташкандыгы жакшы  белгилүү. Чечен улутунун өкүлдөрү эбак эле өз мекендерине журт которуп кетишсе да, алар отурукташкан чакан аймак азыркыга чейин мурдагы адат менен “Чечен көчө” деп айтылып  келет.

Билгенибиз- айылдын “Балыкчы” аталышынын себептери жөпжөнөкөй. Илгери кыргыздар балык кармаган эмес. Башка улуттардын өкүлдөрү  отурукташып алгандан кийин, топ-топ болуп , Талас дайрасына чейин барып, балык армоолор көбөйгөн. Ошондон улам эл арасында “Баягы балыкчылар” деген сымал сөздөр көп айтылып , бара-бара айылдын “балыкчы” аталышына себеп болуп кеткендиги чындык. Болгону, Киров суу сактагычынын курулушу айылдын туш тарапка кеңейүү мүмкүндүгүн чектеп койду. Бүгүн жүздөгөн гектар жерлер суу алдында калды.

Массалык маалымат кражаттарынан билишибизге караганда, Токтогул суу сактагычы курулгандан кийин ал жактарда деле бир катар айылдар жаңы конуштарга көчүрүлүп. отурукташкан. Азыркы  учурда ошол жер которуулардын кенемтеси мамлекет тарабынан  толтурулуп, азыркыга чейин республикалык бюджеттен жылыга 60 миллион сомго чукул каражат бөлүнүп, анын тиешелүү бөлүгү ошол айылдардын социалдык маданий жактан өнүгүүлөрүнө ж.б. муктаждыктарга жумшалат экен. Эмне үчүн мындай колдоолор бизге көрсөтүлбөйт? Бизде жок бекен көйгөйлөр?

Бүгүн айылда маданий-социалдык жана турмуш тиричилик жактан тейлөө кызматын көрсөтүүчү бир да обьект жок. Медпункт ачуу зарылдыгы бышып-жетилди. Балдар ойноочу аянтча куруп беришсе болоор эле. Албетте, булардын баарысы алдыдагы убакытта аткарыла турган иштер болуп эсептелеп. Эң өкүнүчтүүсү –Суусамыр –Талас- Тараз кан жолу айылды аралап өткөндүгүнө карабастан, жол жээктеринде айылдын аталышы жазылган белгилер жок. Жол белгиси –бул ошол айылдын паспорту эмеспи. Сураштырсак, айылдын расмий аталышы жок болсо, жол белгисин коюга уруксат берилбейт экен.

Бүгүн айылда 120дан ашуун түтүн эл жашайт. Убакыттын өтүүсү менен айыл туш тарабынан өнүгүп, жашоочулардын саны өсүп баратат. Айтылган өтүнүч талаптарды эл арасындагы бөлүнүп-жарылуу катары карабагыла. Биз айылыбыздын мындан ары дагы көрктөнүп –өнүгүп, кийинки урпактарга өрнөктүү мурас болуп калуусун каалайбыз. Бейшеке айыл аймагынын курамындагы “Балыкчы” айылынын расмий түрдө “айыл” катары таанылышын жана бул максатта мыйзамдуу түрдө атайын статус берилүүсүн суранабыз.

 

Кайрылууга 240тан ашуун жашоочу кол коюшкан.