РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 19 марта 2024 года № 102-р (Об утверждении проекта «Товарный кредит и грант на развитие селскохозяйственной продукции для производителей Баткенской области»)

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 19-марты № 102-т

2022-жылдын 20-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Баткен облусунда “Региондук экономикалык өнүктүрүү” экинчи долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 15-июлундагы № 66 Мыйзамы менен ратификацияланган) “Агроазык-түлүк кластерлерин чыңдоо” деген 2-компонентин ишке ашыруу бөлүгүндө ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. “Баткен облусунун өндүрүүчүлөрү үчүн айыл чарба продукциясын өнүктүрүүгө товардык кредит жана грант” долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине төмөнкүлөр сунушталсын:

1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд менен кредиттик келишим түзгөндөн кийин Дүйнөлүк банк тарабынан жактырылган, Үзүрлүү өнөктөштүк комитети бекиткен долбоордук сунуштардын негизинде Дүйнөлүк банктын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алууларынын принциптерине ылайык товардык-материалдык ресурстарды сатып алууну белгиленген тартипте жүргүзсүн;

2) берилүүчү товардык ресурстарга күрөөлүк документацияларды тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондго тиешелүү документтерди өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү менен Баткен облусунун агрардык секторунда ишкердик ишти өнүктүрүү үчүн динчил мусулмандардын жеңилдетилген финансылык каражаттарды пайдалануусунун зарылдыгы жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У . Жапаров

 

 

Тиркеме

 

"Баткен облусунун өндүрүүчүлөрү үчүн айыл чарба

продукциясын өнүктүрүүгө товардык кредит жана грант"

долбоору

 

1. Товардык кредит

 

Максаттуу багыта

"Агроазык-түлүк кластерлерин чыңдоо" деген 2-компоненттин алкагындагы долбоордук иш-чаралардын жүрүшүндө тандалып алынуучу кошумча нарк чынжырчасын түзүүгө катышкан айыл чарба продукцияларын өнүктүрүүчүлөргө, айыл чарба кооперативдерине, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына, агро-соода-логистикалык борборлорго, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөргө жана кызмат көрсөтүүчүлөргө айыл чарба продукциясын өңдүрүүгө товардык кредиттерди берүү

Кредит берүүнүн өлчөмү

1. Төмөнкү өлчөмдөрдү белгилөө:

- бир айыл чарба өңдүрүүчүсүнө - 2 000 000 (эки миллион) сомго чейин;

-айыл чарба кооперативдери, фермердик чарбалар, үрөнчүлүк чарбалар, асыл тукум чарбалары үчүн - 20 000 000 (жыйырма миллион) сомго чейин;

-тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агро-соода-логистикалык борборлор, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн

- 35 000 000 (отуз беш миллион) сомго чейин.

2. Ошол эле учурда 1 кошумча нарк чынжырчасын (үзүрлүү өнүктөштүк) түзүү үчүн сумма 100 000 000 (бир жуз миллион) сомдон ашпоого тийиш

Категориялардын мүнөздөмөсү

1) жеке айыл чарба өндүрүүчүсү;

2) фермердик чарбалар;

3) айыл чарба кооперативдери;

4) үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары;

5) тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары;

6) агро-соода-логистикалык борборлор;

7) айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөр

Долбоорго катышуунун шарттары

1. Кошумча нарк чынжырчасына (үзүрлүү өнөктөштүк) катышуу.

2. Кошумча нарк чынжырчасынын ичиндеги өнөктөштөрдүн ортосунда Үзүрлүү өнөктөштүк жөнүндө келишимдин (контракттын) болушу.

3. Айыл чарба продукциясын өнүктүрүүгө товардык кредит алуучулардын категориялары үчүн төмөнкүлөр милдеттүү шарттар болуп саналат:

- айыл чарба продукциясын остүрүү, көбөйтүү, кайра иштетүү, жеткирүү үчүн жер участокторунун болушу (менчикте же ижара шартында);

- Кыргыз Республикасынын резиденти болушу;

- Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддо талаптагыдай каттоодон өтүүсү;

- мурда берилген бюджеттик кредиттер боюнча карыз алуучунун карызы;

- карыз алуучунун салыктарды, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондго чегерүүлөрдү жана бюджетке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздарынын жоктугу

Пайыздык ставкасы

1,0 % - жеке айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана дыйкан чарбалары;

1,0 % - айыл чарба кооперативи, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары;

1,0 % - тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агро-соода-логистикалык компаниялар, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөр.

Пайыздар ар айлык негизде эсептелет, төлөө кварталына бир жолку мезгилдүүлүк менен жүргүзүлөт.

Төлөнүүчү кредиттер боюнча милдеттенмелер аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын  29-июлундагы № 406 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого ылайык эсептелген финансылык санкциялар тууралуу шарттар колдонулат

Субсидиялоонун шарттары

Долбоордун каражаттарынын эсебинен товардын наркынын 25 %ы төмөнкү максаттарга керектелет:

- айыл чарба, ирригациялык, сугаруу жана атайын техника, айыл чарба багытындагы автотранспорт каражаттарын сатып алууга;

- жамгырлатып-тамчылатуу системасынын инфраструктурасын орнотууга;

- жогорку өндүрүмдүү асыл тукум айыл чарба жаныбарларын сатып алууга

Женилдетилген мезгил

Карыздын негизги суммасын төлөөдөн толук бошотуу - 24 айга чейин. Жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин негизги сумма кварталына бир жолку мезгилдүүлүк менен төлөнөт

Кайтаруу мөөнөттөрү

5 жылга чейин - өсүмдүк өстүрүү чөйрөсүндө (жеке айыл чарба өндөрүүчүлөрү, айыл чарба кооперативдери үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары, бир жылдык көчөттөрдүн агроөндүрүүчүлөрү;

7 жылга чейин - мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү чөйрөсүндө (көп жылдык көчөттөрдү өндүрүүчүлөр) жана багбанчылык;

7 жылга чейин - тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агро-соода- логистикалык компаниялар, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн

Кредитти камсыздоо

200 000 (эки жуз миң) сомго чейинки суммадагы товардык кредит муктаждыкка ылайык товардык кредитти бөлүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн же мэриянын сунушу, айыл чарба ресурстарынын жана туруктуу киреше булагы бар жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондго мөөнөтү өтүп кеткен карызы жок адам менен таризделген кепилдик келишими болгон учурда кепилдик менен берилет

Күрөөлүк камсыздоо

200 000 (эки жуз миң) сомдон ашкан товардык кредит Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого суроо-талап коэффициентинин жана бюджеттик кредитти камсыздоо тобокелдигинин чектүү чоңдуктарын аныктоо методикасына ылайык өтүмдүү кыймылдуу жана/же кыймылсыз мулк менен камсыздалат

 

2. Гранттык негизде

 

Максаттуу багыты

Тандалып алынган кошумча нарк чынжырчасынын иштеши үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон коомдук инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жергиликтүү жамааттарга, муниципалдык жана мамлекеттик мекемелерге, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагындагы башка ишканаларга жана мекемелерге гранттык негизде товарлар, кызмат көрсөтүүлөр түрүндө инвестициялык жардам көрсөтүү. Кошумча нарк чынжырчасын куруу үчүн үзүрлүү өнөктөштүктүн катышуучуларына техникалык жардам жана окутуу. Калыбына келтирүү үчүн инфраструктура объекттери, ошондой эле техникалык жардам алуу жана окуудан өтүү үчүн катышуучулардын так саны "Агроазык-түлүк кластерлерин чыңдоо" деген 2-компоненттин алкагында долбоордун бенефициарларын социалдык мобилизациялоону куруу үчүн изилдөө жана талдоо жүргүзүлгөндөн, кыйла перспективдүү кошумча нарк чынжырчалары тандалып алынгандан кийин аныкталат

Акысыз негизде көрсөтүлгөн жардамдын көлөмү

Бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, жергиликтүү жамаатка, муниципалдык жана/же мамлекеттик мекемеге, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагындагы башка ишканаларга жана мекемелерге – 2 200 000 (эки миллион эки жүз миң) сомдон ашык эмес

Категориялардын мүнөздөмөсү

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамааттар, муниципалдык жана мамлекеттик мекемелер, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагындагы башка ишканалар жана мекемелер

Долбоорго катышуунун критерийлери

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамааттар, муниципалдык жана мамлекеттик мекемелер, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагындагы башка ишканалар жана мекемелер кошумча нарк чынжырчасынын системасы (үзүрлүү өнөктөштүк) түзүлгөн же түзүлүүчү аймакта жайгашуусу керек.

Тандалып алынган кошумча нарк чынжырчаларынын системаларынын иштеши үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон коомдук инфраструктураны калыбына келтирүүгө грантты пайдалануу зарылдыгы жөнүндө ырастоочу документтерди берүү (чыгымдардын сметасы, үзүрлүү өнөктөштүктүн катышуучуларынын биргелешкен кайрылуусу)

Пайыздык ставкасы

Колдонулбайт

Жеңилдетилген мезгил

Колдонулбайт

Кайтаруу мөөнөттөрү

Колдонулбайт

Күрөөсүз камсыздоо

Колдонулбайт

Күрөөлүк камсыздоо

Колдонулбайт