Редакцияот 14.12.2022
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXVII- сессиясы

 

2022-жылдын 24-январы № 27/2

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн орто аралыктагы 2023-2027-жылдарга карата түзүлгөн социалдык- экономикалык өнүгүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн орто аралыктагы 2023-2027-жылдарга карата түзүлгөн социалдык- экономикалык өнүгүүнүн стратегиясы боюнча Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Алай айылдык кеңеши 

токтом кылат:

1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн орто аралыктагы 2023-2027-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиясы боюнча Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевдин билдирүүсү жактырылсын.

2.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн орто аралыктагы 2023-2027-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиясы бекитилсин.

3.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн орто аралыктагы 2023-2027-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиясынын аткарылышы боюнча планда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын камсыз кылуу боюнча зарыл болгон уюштуруучулук жана массалык иштерди туруктуу жүргүзүү жагы айыл өкмөтүндөгү  менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме ишкана уюмдардын жетекчилерилерине милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Жаны-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

М. Макенов