ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 28 августа 2023 года № 437 «О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики»Об утверждении Перечня стратегических объектов Кыргызской Республики«от 17 февраля 2014 года № 99»

Редакцияот 28.08.2023
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 28-августу № 437

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Айрым объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде:

- "А" категориясы (өтө маанилүү объектилер)" бөлүмүнүн "Мамлекетти башкаруу үчүн мааниси бар объектилер" графасы төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын имараттары (№ 1 жана № 2 корпустары)".

2. Бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

               Төрагасы

 

А.У.Жапаров