Распоряжение Кабинета Министров КР от 20 марта 2024 года № 106-р (Об утверждении Плана мероприятий по реализации Указа Президента Кыргызской Республики «О реализации Национального проекта по добыче полиметаллов и редкоземельных элементов для динамичного развития экономики Кыргызской Республики» от 22 января 2024 года № 5)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 20-марты № 106-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын экономикасын динамикалуу өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-статьяларына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын экономикасын динамикалуу өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Планды ишке ашырууга тартылган министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер (макулдашуу боюнча), илимий-изилдөө жана долбоорлоо мекемелери (макулдашуу боюнча):
- белгиленген мөөнөттө Планды ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык. көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматына берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматы квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана чарбакер субъекттердин, илимий-изилдөө, долбоорлоо жана билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин Планды сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын экономикасын динамикалуу өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булагы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
1
| Заманбап геологиялык жана геофизикалык методдорду колдонуу менен полиметаллдардын жана СКЖЭ потенциалдуу кендерин комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүү
| Финансылык каражаттарды бөлүү | 2024-жылдын апрели | "Кыргызгеология" МИ эсебине 1 млрд. сом өлчөмүндөгү финансылык каражаттар киргизилди | ФМ, ЖРЭТКМ | Бекитилген бюджеттин жана тартылган инвестициялардын алкагында
|
Тоо-геологиялык техниканы, жабдууларды жана материалдарды сатып алуу | 2024-жылдын апрель-майы
| "Кыргызгеология" МИнин материалдык-техникалык базасын модернизациялоо | "Кыргызгеология" МИ | |||
Геологиялык фондго талдоо жүргүзүү (камералык иш) | Полиметаллдардын жана СКЖЭ потенциалдуу кендери аныкталды | "Кыргызгеология" МИ, "Кыргызалтын" ААК | ||||
ГЧИ жүргүзүүгө жана/же кендерди жана калдыктарды сактоочу жайларды иштетүүгө лицензияларды/уруксаттарды берүү | 2024-жылдын апрель-майы | "Кыргызгеология" МИ, "Кыргызалтын" ААК лицензияларды жана уруксаттарды алды | ЖРЭТКМ, САЧКӨМ, ӨКМ, Мамкурулуш, "Кыргызгеология" МИ, "Кыргызалтын" ААК | |||
Полиметаллдардын жана СКЖЭ кендерин ГЧИге, иштеп чыгууга жана рекультивациялоого ТЭНди, АЧТБны, техникалык долбоорлорду иштеп чыгуу | 2024-жылдын апрель-июлу | АЧТБ жана техникалык долбоорлорго багыттар боюнча мамлекеттик экспертизалардын корутундулары алынды | ЖРЭТКМ, САЧКӨМ, ММСЖСМ, ӨКМ, Мамкурулуш, "Кыргызгеология" МИ, "Кыргызалтын" ААК, КМТУ "КОНАС" ИИБ | |||
Кендердин лицензиялык аянттары боюнча жер участокторун берүү | 2024-жылдын апрель-июну | "Кыргызгеология" МИ жана "Кыргызалтын" ААК кендердин жер тилкелерин пайдалануу укугун алды | ЖМА, ЖӨБО, Жер агенттиги, "Кыргызгеология" МИ, "Кыргызалтын" ААК | |||
Полиметаллдардын жана СКЖЭ потенциалдуу кендеринде (анын ичинде калдык сактоочу жайларда жана таштанды төгүүчү жайларда) комплекстүү ГЧИ жүргүзүү | 2024-жылдын май-декабры | Запастар жана ресурстардын курамы аныкталды. Ар бир кендин потенциалы бааланган. Казууну баштоо үчүн артыкчылыктуу объекттерди тандоо | ЖРЭТКМ, "Кыргызгеология" МИ, "Кыргызалтын" ААК | |||
Кен чыккан жерлерде байытуучу комбинаттын жана гидрометаллургиялык заводдун техникалык долбоорлорун иштеп чыгуу: | 2025-жылдын январь-майы
| Металлдарды жана жеке СКЖЭ алуу технологиясы иштелип чыкты, уруксат жана мамлекеттик экспертизалардын корутундулары алынды | ЖРЭТКМ, ММСЖСМ, Мамкурулуш, КМТУ "КОНАС" ИИБ | |||
1) Кутессай-II (сейрек кездешүүчү металлдар), Калесай (бериллий) |
| "Кыргызгеология" МИ | ||||
2) Кызыл-Омпол (титаномагнетит) |
| "Кыргызалтын" ААК | ||||
2
| Өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу үчүн металлдарды казып алуу жана иштетүү процессине заманбап технологияларды киргизүү үчүн технологиялык компаниялар менен кызматташуу
| Эл аралык компанияларга жана коомчулукка улуттук долбоор жөнүндө максаттарын, пландарын жана күтүлүүчү натыйжаларын кеңири сыпаттама менен маалымат берүү | 2024-жылдын апрель-июну | Эл аралык компаниялар жана уюмдар менен өнөктөштүк мамилелерди белгилөө | ЖРЭТКМ, ТИМ, УИА, "Кыргызгеология" МИ, КМТУ "КОНАС" ИИБ, "Кыргызалтын" ААК | Бекитилген бюджеттин жана тартылган инвестициялардын алкагында
|
Потенциалдуу инвесторлор үчүн долбоордун презентацияларын өткөрүү | 2024-жылдын апрель-июну | Алдынкы эл аралык компаниялар тартылган | ЖРЭТКМ, УИА, ТИМ, "Кыргызгеология" МИ, КМТУ "КОНАС" ИИБ, "Кыргызалтын" ААК | |||
Металлдарды казып алуунун жана кайра иштетүүнүн алдынкы методдорун киргизүү үчүн технологиялык компаниялар менен өнөктөштүк мамилелерди орнотуу | 2024-жылдын апрель-декабры | Полиметаллдарды жана СКЖЭ казып алуу жана кайра иштетүү боюнча инвестициялар жана технологиялар тартылды | ЖРЭТКМ, УИН, ТИМ, ЭКМ, "Кыргызалтын" ААК | |||
Полиметаллдарды жана СКЖЭ казып алуу жана кайра иштетүү жаатындагы изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жаңы технологияларды иштеп чыгуу | 2024-жылдын апрель-декабры | Өндүрүштүн натыйжалуулугун жана экологиялык тазалыгын жогорулатуу үчүн заманбап методдор жана жабдуулар киргизилди | "Кыргызгеология" МИ, КМТУ "КОНАС" ИИБ, "Кыргызалтын" ААК | |||
3
| Коммуникация жана маалыматтык колдоо
| Маалыматтык кампанияларды жана коомчулук менен ачык диалог аянтчаларын уюштуруу | 2024-жылдын апрель-июну | Улуттук долбоорду ишке ашыруунун максаттарын, милдеттерин, принциптерин жана механизмдерин түшүнүү жана коомдун колдоосу | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, КГК, "Кыргызгеология" МИ, "Кыргызалтын" ААК, эксперттик топ, ЖМК
| Бекитилген бюджеттин жана тартылган инвестициялардын алкагында
|
Коомчулуктун улуттук долбоордун стратегиясын талкуулоого активдүү катышуусу | Дайыма | Жакшыртуу, проблемаларды жана долбоорлордун потенциалдуу тобокелдиктерин аныктоо боюнча коомдун сунуштары алынды | ||||
4
| Окутуу жана кадрлардын потенциалын өнүктүрүү
| Тоо-кен иши жана металлдарды кайра иштетүү чөйрөсүндө ИТК жана жумушчу адистиктер үчүн окутуунун окуу программаларын иштеп чыгуу | 2024-жылдын апрель-июну | Окуу программалар жана пландары өндүрүш ишканаларынын заманбап талаптарына ылайык келтирилген | БИМ, ЖРЭТКМ, ЖРЭТКМ ТАОБ, эксперттик топ | Бекитилген бюджеттин жана тартылган инвестициялардын алкагында
|
Геология, тоо-кен өнөр жайы жана ПК казып алуу технологиялары жаатында ИТК жана жумушчу кадрлар үчүн окуу программаларын, курстарды, стажировкаларды жана практикалык сабактарды өтүү | 2024-2025-жылдардын май-декабры | Тоо-кен чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн квалификациялуу ИТК жана жумушчу кадрлардын жетиштүү саны | БИМ, ЖРЭТКМ, ЖРЭТКМ ТАОБ, "Кыргызалтын" ААК | |||
5 | Улуттук долбоорду колдоо жана каржылоо үчүн республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүү | ПК кендерди изилдөөгө жана иштеп чыгууга, ошондой эле персоналды окутууга республикалык бюджеттен каражаттарды берүү | 2025-2026-жылдар | Финансылык каражаттар "Кыргызгеология" МИ/"Кыргызгеология ИӨК" ААК эсебине киргизилди | ФМ, ЖРЭТКМ | Мамлекеттик бюджеттин жана тартылган инвестициялардын чегинде |
Кыскартуулардын тизмеси
КР | - | Кыргыз Республикасы |
КРМК | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
ИУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик |
Мамкурулуш | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
Жер агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик |
КГК | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматы |
КРП облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
"Кыргызгеология" | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык |
МИ | - | көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" МИ |
"Кыргызалтын" ААК | - | "Кыргызалтын" ачык акционердик коому |
ЖРЭТКМ ТАОБ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Тармактар аралык окуу борбору |
КМТУ "КОНАС" | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "КОНАС" |
ИИБ | - | илимий-инженердик борбору" мекемеси |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |
ГЧИ | - | геологиялык чалгындоо иштери |
ТЭН | - | техникалык-экономикалык негиздеме |