ПостановлениеУтратил силу

Постановление Кабинета Министров КР от 29 декабря 2023 года № 721 «О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики»Об утверждении Реестра участков недр общегосударственного значения«от 3 июля 2019 года № 339»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 22-январындагы № 30

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 29-декабры № 721

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 339 "Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Тоо-кен секторунан кирешени көбөйтүү максатында, ошондой эле сурьманы иштетүүгө туруктуу суроо-талаптын болушун эске алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 339 "Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестринде:

- I бөлүмдүн 10-пунктундагы "Терек" деген сөз "Терек (17-блокту кошпогондо)" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

              Төрагасы

 

А.У.Жапаров