ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 18 апреля 2024 года № 2010-VII «О принятии Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения о финансировании (Проект улучшения качества воздуха в Кыргызской Республике) между Кыргызской Республикой и Международной ассоциацией развития, подписанного 12 декабря 2023 года в городе Бишкек»

Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 18-апрелиндеги № 2010-VII

“2023-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу долбоорун) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м   к ы л а т:

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 29-февралындагы чыг. № 18-1752) “2023-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу долбоорун) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

 

Төраганын орун басары

 

Н.О. Сыдыгалиев