ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 30 апреля 2024 года № 211 «О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики»Об утверждении Положения о порядке предоставления земельных участков, находящихся в государственной собственности«от 9 октября 2019 года № 535»

Редакцияот 30.04.2024
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 30-апрели № 211

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Мамлекеттик жер пайдалануучулардын жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү процесстерин оптималдаштыруу, экологиялык таза технологияларды жана материалдарды өндүрүүгө шарттарды түзүү жана өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:

- 5510-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- электр кыймылдаткычтары бар транспорт каражаттарын өндүрүүчү өнөр жай объекттерин куруу үчүн мамлекеттик жер пайдалануучулардын жер участоктору;".

2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 10-майындагы № 35 (3588) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров