РаспоряжениеУтратил силу

Распоряжение Кабинета Министров КР от 10 мая 2024 года № 230-р (Об утверждении Плана реализации проектов государственно-частного партнерства на 2024 год)

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 10-майы № 230-т

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 353 "2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. 2024-жылга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планы (мындан ары - МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

- МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планын аткарууга кабыл алсын жана өз убагында аткарылышын камсыз кылсын;

- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке берип турсун.

3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.

4. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планын сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу үчүн министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчилиги белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 686-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров

 

 

 

Тиркеме

2024-жылга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу ПЛАНЫ

№

МЖӨ долбоорунун аталышы

Мамлекеттик өнөктөш/ МЖӨ долбоорун аткаруучу

Инвестициялардын суммасы

Аткаруу мөөнөттөрү

Күтүлүүчү натыйжа

МЖӨ жөнүндө кол коюлган макулдашуулар

1

№ 69 гимназия-мектебинин бассейнин реконструкциялоо

Бишкек шаарынын мэриясы, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

0,3 млн. АКШ долл.

2024-жылдын III кварталы

МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык ишке киргизүү

2

Инновациялык билим берүү кластерин түзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетин модернизациялоо

"Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети" мекемеси, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

1,0 млн. АКШ долл.

2024-жылдын III кварталы

МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык ишке киргизүү

3

Академиялык медициналык хаб түзүү жолу менен Чүй облустук бириккен ооруканасын модернизациялоо

"Чүй облустук бириккен ооруканасы" мекемеси, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

1,0 млн. АКШ долл.

2024-жылдын III кварталы

МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык ишке киргизүү

4

СХТ-1 отканасын реконструкциялоо (модернизациялоо)

Ош шаарынын мэриясы, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

1,0 млн. АКШ долл.

2024-жылдын III кварталы

МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык ишке киргизүү

5

Заманбап базарды куруу

Бишкек шаарынын мэриясы, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

12,0 млн. АКШ долл.

2024-жылдын III кварталы

МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык ишке киргизүү

6

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында мектепке чейинки билим берүү уюмун куруу жана башкаруу

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

0,6 млн. АКШ долл.

2024-жылдын III кварталы

МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык ишке киргизүү

7

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында аралыктан литотрипсия аппараттарын орнотуу

ССМ, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

0,7 млн. АКШ долл.

2024-жылдын III кварталы

МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык ишке киргизүү

8

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айылынын аймагында Катта Талдык өндүрүштүк комплексин түзүү

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору"' ММ

0,2 млн. АКШ долл.

2024-жылдын III кварталы

МЖӨ долбоорун ишке ашырууну практикалык ишке киргизүү

Муниципалдык инфраструктура жана кызмат көрсөтүүлөр

9

"Ошшаарсууканал" муниципалдык ишканасынын саркынды суулардын калдыктарын кайра иштетүү боюнча атайын ишкана куруу

Ош шаарынын мэриясы, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

0,5 млн. АКШ долл.

2024-жылдын III кварталы

Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу

10

Ош шаарындагы (Ленин көч. 312) Ош юстиция башкармалыгынын жаңы имаратын куруу

ЮМ, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

1,5 млн. АКШ долл.

2024-жылдын III кварталы

Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу

11

3төн кем эмес мектепке чейинки мекемелерди куруу

Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ЖӨБ органдары, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

5,0 млн. АКШ долл. ашык эмес

2024-жылдын III кварталы

Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу

12

Ош шаарында КТКны утилдештирүүнү жана кайра иштетүүнү уюштуруу

Ош шаарынын мэриясы, ЖӨБ органдары, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

-

2024-жылдын III кварталы

МЖӨ долбоорлорун демилгелөө

13

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында коомдук транспортту уюштуруу

Каракол шаарынын мэриясы, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

3,0 млн. АКШ долл.

2024-жылдын III кварталы

МЖӨ долбоорун даярдоону баштоо

14

Автоматташтырылган парковкалык жайларды түзүү

Бишкек жана Ош шаарынын мэриялары, ЖӨБ органдары, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

-

2024-жылдын III кварталы

МЖӨ долбоорлорун демилгелөө

15

Жалал-Абад шаарынын КТКны утилдештирүүнү жана кайра иштетүүнү уюштуруу

Жалал-Абад шаарынын мэриясы, ЖӨБ органдары, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

-

2024-жылдын IV кварталы

МЖӨ долбоорлорун демилгелөө

Саламаттык сактоо

16

Ош облустар аралык ооруканасында магниттик-резонанстык томография боюнча медициналык диагностикалык борборду түзүү

ССМ, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

1,4 млн. АКШ долл.

2024-жылдын III кварталы

Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу

17

М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборун реконструкциялоо жана кайра жабдуу

ССМ, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

-

2024-жылдын III кварталы

Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу

18

Перинаталдык скрининг кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу

ССМ, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

-

2024-жылдын III кварталы

МЖӨ долбоорун даярдоону баштоо

19

КРде медициналык реабилитацияны өнүктүрүү

ССМ, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

17,0 млн. АКШ долл.

2024-жылдын IV кварталы

ТЭНди актуалдаштыруу жана МЖӨ долбоорун даярдоону аяктоо

Транспорт жана коммуникациялар

20

"Кыргыз Почтасы" ААКтын Жалал-Абад облустук филиалын реконструкциялоо

"Кыргыз Почтасы" ААК, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

9,0 млн. АКШ долл.

2024-жылдын II кварталы

Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу

21

Ош облусунун Ноокат районунда соода-логистикалык борборду куруу

Ноокат районунун мамлекеттик администрациясы, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

23,5 млн. АКШ долл.

2024-жылдын II кварталы

Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу

22

Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаарында айланма автомобиль жолун куруу

Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы, ТКМ, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

18,0 млн. АКШ долл.

2024-жылдын II кварталы

Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу

23

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун калктуу конуштарынын түндүк айланма автомобиль жолун реконструкциялоо

ТКМ, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

210,0 млн. АКШ долл.

2024-жылдын IV кварталы

Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу

24

"Манас" эл аралык аэропортун модернизациялоо

ЭКМ, "МЭА" ААК, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

408,0 млн. АКШ долл.

2024-жылдын III кварталы

Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу

25

Электрондук жыйымдарды алуунун маалыматтык системасын киргизүү

ТКМ, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

40,0 млн. АКШ долл.

2024-жылдын IV кварталы

Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу

26

"Бишкек - Күн-Туу - Белогорка - Суусамыр" автомобиль жолун куруу

ТКМ, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

433,0 млн. АКШ долл.

2024-жылдын III кварталы

Алдын ала ТЭН даярдоону аяктоо

27

Нарын облусунун Ат-Башы районунда бажы-логистикалык комплексин каржылоо, долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо

МБК, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

20,0 млн. АКШ долл.

2024-жылдын III кварталы

Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу

28

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында транспорттук-логистикалык борборду куруу

МБКнын алдындагы "Бажы инфратүзүмү" ММ, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

12,0 млн. АКШ долл.

2024-жылдын III кварталы

Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу

29

Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаарында кинотеатр куруу

ММСЖСМге караштуу Кинематография департаменти, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

8,0 млн. АКШ долл.

2024-жылдын II кварталы

МЖӨ долбоорун даярдоону баштоо

Айыл чарба

30

Күрпсай суу сактагычында форель кластерин түзүү

САЧКӨМ караштуу Балык чарба департаменти, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

0,4 млн. АКШ долл.

2024-жылдын II кварталы

Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу

31

Эл аралык стандарттар боюнча продукцияны сертификациялоо үчүн лабораторияларды түзүү

САЧКӨМ, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

-

2024-жылдын III кварталы

МЖӨ долбоорун даярдоону баштоо

Энергетика

32

Папан суу сактагычынын плотинасынын артына гидроэлектр станциясын куруу

ЭМ, "Чакан ГЭС" ААК, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

-

2024-жылдын III кварталы

Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу

33

Чүй облусунун Токмок шаарында чакан ЖЭБ куруу

ЭМге караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" МИ, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

-

2024-жылдын III кварталы

МЖӨ долбоорун даярдоону баштоо

34

Кубаттуулугу 150 МВт күн электр станциясын куруу

ЭМ, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

120,0 млн. АКШ долл.

2024-жылдын IV кварталы

Жеке өнөктөштү тандоого конкурс өткөрүү

Туризм

35

Талас облусунун Талас шаарындагы "Интурист" мейманканасын реконструкциялоо

КРП Талас облусундагы ЫУӨ

-

2024-жылдын III кварталы

МЖӨ долбоорун даярдоону баштоо

36

Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылындагы К.Жакыпов атындагы балдар ден соолукту чыңдоочу лагерин реконструкциялоо

ЭМге караштуу "Кыргызтеплоэнерго" МИ, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

-

2024-жылдын III кварталы

МЖӨ долбоорун даярдоону баштоо

37

"Кыргыз темир жолу" УК" МИ пансионатын куруу

"Кыргыз темир жолу" УК" МИ, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

-

2024-жылдын III кварталы

МЖӨ долбоорун даярдоону баштоо

38

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы "Достук" пансионатын реконструкциялоо

ЮМге караштуу ЖАК, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

-

2024-жылдын III кварталы

МЖӨ долбоорун даярдоону баштоо

Санариптештирүү

39

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында инновациялык IT-борборун уюштуруу

Жалал-Абад шаарынын мэриясы, ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

0,2 млн. АКШ долл.

2024-жылдын II кварталы

Жеке өнөктөш менен МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол коюу

 

Кыскартуулардын тизмеси:

 

САЧКӨМ

-

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

ССМ

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

ТКМ

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

ЭМ

-

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги

ЭКМ

-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги

ММСЖСМ

 

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

ЖӨБ органдары

-

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

ИУА

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

УК

-

улуттук компания

МИ

-

мамлекеттик ишкана

МБК

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

ММ

-

мамлекеттик мекеме

ИУАнын алдындагы "МЖӨ борбору" ММ

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси

МЖӨ

-

мамлекеттик-жеке өнөктөштүк

ААК

-

ачык акционердик коом

КРП облустардагы ЫУӨ

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлү

ЖАК

 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы

АКШ

-

Америка Кошмо Штаттары

КТК

-

катуу тиричилик калдыктары

ТЭН

-

техникалык-экономикалык негиздеме