ПостановлениеДействует

Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин 2024-жылынын 2-апрелиндеги №1 «Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 2.04.2024
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын

2024-жылы 29-апрели №1

 

“Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Бүргөндү айыл аймагы, Достук айыл аймагы жана Таш-Көмүр шаарынын Теңдик аймактык башкармалыгынын Теңдик, Кызыл-Алма, Чүйүт-Сай, Кудук-Сай, Кашкулак-Сай айылдары бириктирилип, “Бүргөндү – Достук айыл аймагынын айыл өкмөтү” болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу, айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы жергиликтүү кеңештин регламентин карап чыгып, талкуулап бекитүү  максатында айылдык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Бүргөндү – Достук айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Бүргөндү – Достук айылдык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөр киргизилип кайрадан бекитилсин.

 

 2.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3.Достук айылдык кеңешинин 2017-жылдын 25-январь № 1 токтому, Бүргөндү айылдык кеңешинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 1 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

 

Б.Кубатов.