ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 7 июня 2024 года № 296 «О создании государственного предприятия «Кыргыз Куршевель» при Управлении делами Президента Кыргызской Республики»

Редакцияот 07.06.2024
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 7-июну № 296

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Куршевель" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө

Кластердик ыкма менен туризм чөйрөсүндөгү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, башкаруу түзүмүн өркүндөтүү жана финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Куршевель" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Куршевель" мамлекеттик ишканасынын уставын иштеп чыксын жана бекитсин;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Куршевель" мамлекеттик ишканасын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;

- бул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 11-июнундагы № 44 (3597) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин официалдуу www.gov.kg сайтында 2024-жылдын 12-июнунда жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров