УказДействует

Указ Президента КР от 11 июня 2024 года УП № 150 «Об учреждении ежегодной премии Президента Кыргызской Республики»Мейкин«в области медиа и журналистики»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2024-жылдын 11-июну ПЖ № 150

Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысын уюштуруу жөнүндө

(КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

 

Медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо жана жетишкендиктерди таануу, журналисттердин кесибинин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысы уюштурулсун.

(КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

3. (КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысын уюштуруу боюнча байге фондун түзүү жана башка чыгымдарды жабуу үчүн финансылык каражаттарды карасын.

(КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматына жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 14-июнундагы № 45 (3598) саны менен жарыяланды.

  

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

 

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысы жөнүндө ЖОБО

(КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысын (мындан ары - Сый акы) изденип алууга жана ыйгарууга конкурс өткөрүү тартибин, конкурстук материалдарды тандоо шарттарын аныктайт.

(КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Сый акыга тандоо, ыйгаруу жана уюштуруу иштерин координациялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Максаты жана милдеттери

3. Сый акынын максаты медиа жана журналистика жаатындагы чыгармачылыкты колдоо жана жетишкендиктерди таануу, кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу жана журналисттердин илим, билим берүү, медицина, маданият, спорт, экономика, экология, туризм, айыл чарбасы, өнөр жайы ж.б. чөйрөлөрдөгү чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү болуп саналат.

4. Сый акынын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- медиа жана журналистика өкүлдөрүн сапаттуу контентти түзүүгө шыктандыруу;

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын илим, билим берүү, медицина, маданият, спорт, экономика, экология, туризм, айыл чарбасы, өнөр жайы ж.б. чөйрөлөрдө жүргүзүлүп жаткан саясат жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу;

- ата мекендик журналистиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

3. Катышуу шарттары

5. Сый акыны изденип алуу конкурсуна Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат.

6. Конкурска катышуу үчүн басылмалар, редакциялар, чыгармачылык бирикмелер жана айрым авторлор тарабынан жиберилген материалдардын жалпы көлөмү отуз миң символдон (Times New Roman 14-шрифт, 1 сап аралык интервал), радио, телекөрсөтүү материалдары үчүн жалпы хронометраж 15-20 мүнөттөн ашпоого тийиш.

7. Сый акыны изденип алуучу үчтөн ашык эмес номинацияга катышууга өтүнмө берүүгө жана бир номинация боюнча циклден бир гана материалды берүүгө укуктуу.

8. Конкурстук материалдар мамлекеттик же расмий тилдерде кабыл алынат.

9. Берилген конкурстук материалдардын автордук жана чектеш укуктарынын сакталышы үчүн жоопкерчиликти толугу менен Сый акыны изденип алуу конкурсуна катышууга өтүнмө берген катышуучулар тартат.

10. Сый акыны изденип алуу конкурсуна катышууга адепсиз лексиканы, кордогон мүнөздөгү, адамдын кадыр-баркын кемсинткен, саясий, диний, улуттук араздашууну тутандырган арыздарды жана иш-аракеттерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган башка элементтерди камтыган материалдарга жол берилбейт.

4. Документтерди кабыл алуу

11. Сый акыны изденип алуучулар төмөнкү документтерди тапшырат:

- берилген материалдарга кыскача аннотация жана активдүү гипершилтеме менен эркин формадагы өтүнмөнү (эки миң беш жүз символдон ашпаган Times New Roman 12-шрифти жана 1 сап аралык интервал менен);

- өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсүн - жеке жак үчүн;

- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн - юридикалык жак үчүн.

5. Өткөрүү мезгили

12. Сый акы эки жылда бир жолу ыйгарылат. Конкурска катышууга мурдагы конкурстун жеңүүчүсү жарыяланган күндөн тартып бир жарым жылдын ичинде жарыяланган материалдар кабыл алынат.

(КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

13. Сый акыны изденип алууга конкурстук материалдар электрондук түрдө кабыл алынат.

(КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

14. Сый акыны изденип алууга конкурстун жеңүүчүлөрүн жарыялоо Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнүнө арналган расмий иш-чарада бардык номинанттарды чакыруу менен салтанаттуу жагдайда жүзөгө ашырылат.

6. Конкурстун номинациялары

15. Сый акыны изденип алууга конкурска катышуу үчүн материалдар төмөнкү номинациялар боюнча кабыл алынат:

1) "Бир эл - бир түндүк"

Материалда өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий турмушунда элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо, каада-салттарды жана көп түрдүүлүктү сактоо, коомдо толеранттуулукту жогорулатуу сыпатталат;

2) "Керемет Кыргызстан"

Материалда адамдарда өлкөсү үчүн сыймыктануу сезимин тарбиялоо жана активдүү эс алуу маданиятын өнүктүрүү кызыкчылыгында өлкөнүн жаратылышынын ажайып кооз жайлары жана элдин меймандостугу сыпатталат;

3) "Салык - өнүгүүгө салым"

Материалда салыктардын мамлекеттин негизги киреше булагы катары мааниси сыпатталат, ал аркылуу саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, инфраструктура, коргоо сыяктуу бардык мамлекеттик программалар каржыланат жана мамлекетке коомдук бакубаттыкты берүүгө жана өлкөдөгү экономикалык туруктуулукту сактоого мүмкүндүк берет;

4) "Таза Мекен"

Материалда адамзаттын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жана келечек муундар үчүн планетаны сактоо максатында жаратылышка аяр мамиле жасоо сыпатталат;

5) "Билим - келечек"

Материалда билим берүү ар бир адамдын өнүккөн жана туруктуу коомду калыптандырууда маанилүү ролду ойногон, ошондой эле инсанды өнүктүрүүгө, азыркы учурдагы дүйнөгө ийгиликтүү ыңгайлашуу үчүн зарыл болгон баалуулуктарды, билгичтикти жана көндүмдөрдү калыптандырууга шарт түзүүчү фундаменталдык укугу катары сыпатталат;

6) "Куттуу элет"

Бул номинация боюнча материалда региондордун айыл чарбасы, мал чарбачылыгы менен алектенген жашоочуларынын жашоосу жана алардын ийгиликтеринин сырлары, өзгөчө окуялары жана кызыктуу башталыштары жөнүндө баяндалат;

7) "Мекен жана мен"

Бул номинация боюнча материалда өлкөнүн жана коомдун коопсуздугун камсыздаган адамдардын баатырдык эрдиктери жана патриоттук сезимдери баяндалат;

8) "Мекендештер"

Бул номинация боюнча материалда чет өлкөдө иштеген жана окуган мекендештердин жашоосу, алардын чет өлкөдө Кыргыз Республикасы жөнүндө жакшы пикирди калыптандырган ийгиликке карай жолу баяндалат;

9) "Кыргызстанда чыгарылган (Made in KG)

Бул номинация боюнча материалда республиканын өндүрүштүк жана өнөр жай ишканаларынын иши баяндалат, ата мекендик продукцияга өлкөнүн ичинде жана анын чегинен тышкары дем берүүнүн жана колдоонун маанилүүлүгү ачылат;

10) "Сергек жашоо"

Бул номинация боюнча материалда заманбап адамдын сергек жашоо образын жана спортун колдоонун маанилүүлүгү баяндалат, ошондой эле коомчулукту өсүп келе жаткан муундун туура тамактануусуна, дене тарбиясына өзгөчө көңүл бурууга шыктандырат.

7. Комиссия

16. Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) журналистика, медиа, кинематофафия, телерадиоберүү, илим, маданият жана искусство жаатындагы кадыр-барктуу, квалификациялуу адис болуп саналган, өзүнүн ишкердик, жеке жана адеп-ахлактык сапаттары, ден соолугунун абалы боюнча комиссияга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан түзүлөт.

(КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

17. Комиссия Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругу менен курамында комиссиянын төрагасы, төраганын орун басары жана мүчөлөрү болгон 9дан 11ге чейинки так сандагы адамдан түзүлөт.

(КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

18. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси комиссиянын төрагасы болуп эсептелет.

19. Комиссия эки жылдык мөөнөткө түзүлөт.

(КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

20. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы Сый акыны изденип алууга конкурска катышуу үчүн келип түшкөн өтүнмөлөрдү кабыл алат, документтердин ушул Жобонун 11-пунктунун талаптарына шайкештигин карайт жана аларды комиссияга өткөрүп берет.

21. Комиссия келип түшкөн өтүнмөлөрдүн номинациялоо багытына шайкештигине талдоо жүргүзөт жана аларды ушул Жобонун 26-пунктунда аныкталган критерийлерге жараша баалайт.

22. Конкурстук материалдар комиссиянын ар бир мүчөсү тарабынан беш баллдык шкала боюнча жекече бааланат.

23. Конкурстун жеңүүчүлөрү болуп жумуштары эң көп балл алган авторлор аныкталат.

24. Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары бирдей болуп калган учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.

25. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет жана ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.

26. Конкурстук материалдар төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:

- теманын максаты, масштабы жана маанилүүлүгү;

- маалыматтын уникалдуулугу жана теманы ачуунун тереңдиги;

- маалыматтын тактыгы жана аныктыгы;

- теманы чагылдыруунун маалыматтык мазмундуулугу, сапаты жана объективдүүлүгү;

- автордун журналисттик чеберчилиги (кесипкөйлүгү);

-материалды берүүнүн оригиналдуулугу жана жаңычылдыгы.

8. Каржылоо

23. Сый акынын байге фондун уюштуруу жана түзүү боюнча чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

24. Байге фондунун жалпы суммасы ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн 10 номинациянын ар бир жеңүүчүсүнө 1000000 (бир миллион) сомдон 10000000 (он миллион) сомду түзөт.